Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кантип? Дале жүрөсүң жаш бойдон, Мен карыдым. Өмүр гүлүн себеле...

Кантип? Дале жүрөсүң жаш бойдон, Мен карыдым. Өмүр гүлүн себеле...

18-июль, 22:08
615 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үшкүрүнбө, үнүң чыксын бийиктен…

Өмүрлөр ай, өмүрлөр ай армандуу,

Өтүп барат күн, ай, жылдар уурдалып.

Эч айла жок. Карылыктан салам бу,

Бараткансыйм карандаштай учталып.


Жаратканым сынап, экчеп пендесин,

Билбей турам карылыкты не дешим.

Билбейм дебе, бул мыйзамдуу көрүнүш,

Ошентсе да, үшкүрүнүп «эх» дедим!



Атаганат десеңчи, оо оопар дүнүйө!

Жан дүйнөбүз ач болуп,

Бир туугандар жат болуп

Дүнүйө деп сукулдап,

Пейил кетти көбүнөн,

Кут качты го төрүмөн.


Тоолор ак кар жамынат,

Көк кашка суу агылат.

Бейиш төрдөй жерим ай!

Неге өңгө сатылат?


Атаганат десеңчи, 

Оо, чиркин дүнүйө!


Манчыркашып байларың,

Көрчү көпкөн балдарын.

Сезбей, билбей келишет,

Бул дүйнөнүн жалганын.


Бир бечара оорукчан,

Жан кыйналат онтолоп.

Дарыгерге акча жок,

Кайран өмүр шордолот.


Атаганат десеңчи,

Оо, чиркин дүнүйө!


Акчасы арам чоңдоруң,

Байлык, мүлккө тойбодуң.

Беш күнчүлүк өмүр бу деп,

Күндө дуулап, тойлодуң.


Мигрант болуп бу кезде,

Бир байкуштун балдары.

Тентип жүрөт чет жерде,

Ичтен сызып арманы.


Атаганат десеңчи,

Оо, калпыс дүнүйө!


Куса болуп балдары,

Сагынышып зарлады.

Бук, кусалык жүктөлгөн,

Жаштуу көздөр арманы.


Ата-энеси балдар үчүн,

Кам көрүшүп эртеңге.

Кыйноо тартып жүрүшөт, ов!

Кана бийлик эстеди?


Атаганат десеңчи,

Оо, теңсиз дүнүйө!


Ал жашоону көрдү бекен,

Чиновниктин балдары.

Арам оокат алчактатып,

Элге тийип залдары.


Миллиондоп, миллиарддап,

Акчаларды жыйнады.

Бирок элим, мекеним деп,

Бир сом салым кылбады.


Атаганат десеңчи,

Оо, ачкөз дүнүйө!


Он эки саат иштеп жүрү,

Жаны тынбай күн-түнү.

-- «Оо, Аллахым буюрса экен

Эмгегимдин үзүрү.


-- Адал иштеп акча таптың,

Кудайдын сен бир кулу».

Азаматсың, Ата журттун,

Сен чыныгы атуулу.


Атаганат десеңчи,

Оо, чиркин дүнүйө!


Ата-энеден таалим көрбөй,

Кыз бузулуп жашынан.

Абийир кайда оо, кудурет,

Салтты бузуп ашынган.


Муну мындай коёлу,

Чындыкты айтсак оболу.

Зордукташкан секелекти

Адам – айбан болобу?


Атаганат десеңчи,

Оо, оопар дүнүйө!


Кыз тагдырын талкалаган,

Эсиргендер көбөйдү.

Өз кызындай неге ойлобойт,

Тирүү жүрүп – бул өлүү.


Улуулардан ыйман качып,

Журт бузулган замана.

Жаштайынан бузулушуп,

Кылтыңдаган замана.


Атаганат десеңчи,

Оо, динсиз дүнүйө!


Акчалууну дөгүрсүтүп,

Талтаңдаткан замана.

Карапайым калкты бүгүн,

Кан какшаткан замана.


Пейили бузук, ачкөздөрдү,

Акшыңдаткан замана.

Дили таза, момундарды,

Муунтуп турган замана.


Атаганат десеңчи,

Оо, тексиз дүнүйө!


Коррупция күн санап,

Тамырлаган замана.

Бузукулар элди бөлүп,

Үрүп турган замана.


Иш колунан келбесе да,

Кызмат көксөп жутунган.

Коррупция дүйнөсүндө

Аралашып кутурган.


Атаганат десеңчи,

Оо, шумпай дүнүйө!


Арман айтса ак, көкүйгө,

Жетпей турган замана.

Жүрөк байкуш сыздап, боздоп,

Ооруп турган замана.


Атаганат десеңчи,

Оо, шумпай дүнүйө!



Дүйнө жана биз

Сен дүйнөнүн өзгөрүшүн кааласаң,

Ал өзгөрүү эң биринчи өзүң бол.

Карап туруп бул дүйнөгө таңкалсаң,

Билгин анын туткунусуң так ошол.


Келтире албайт бүт дүйнөнү тартипке,

Эч ким, бирок байланбайбыз бир жипке.

Башкысы бул – акыл-эсти тартипте,

Карманалы сөз маанисин иликте.


Дүйнө үчүн жаралбаган сыяктуу,

Окшоп кетем, таңкаламын кандай бу?

Ак бата алып үйдөн чыксам кээ күнү,

Жолум болбой, а жандүйнөм азаптуу.


Соо көз менен карап жүргүн дүйнөгө,

Балким, мүмкүн сенин ичип кетишиң.

Адам үчүн жаратылган кең дүйнө,

Дүйнө үчүн адам жашайт болбо ким.


Сен билбесең эмне экенин дүйнөнүн,

Азабынан кутулбайсың күнөөнүн.

Бир гана ирет жаралганың унутпа,

Жолун тоспо күнөөсү жок бирөөнүн.


Ыйык жердин топурагын тебелеп,

Басып турсуң маашырланып эй, адам!

Кыялыңда дүйнө жүзүн бүт ээлеп,

Карап турсуң, шилтеп жүргүн оң кадам.


Тар дейсиңби бу дүйнөнү оюңда,

Батпагандай жашоодобуз түртүшүп.

Акыл калчап кенендикке орун бер,

Калсаң дагы каатчылыкка күн түшүп.



Төрт саптар

Томкором деп тоого чыксаң эгерде,

Омкором деп бирөө чыгат бир кезде.

Ушул мактанч, кургак сөздөр курулай

Кайрат өңдүү башты жарат – муну эсте.


***

Жымжырттык бул – күчтүү эмоциядан,

Тагдыр буйруп өткөрүүдө кээ адам.

Кыйкырыктан күчтүү болот унчукпоо,

Кайдыгерлик – коркунучтуу терс кадам.


***

Жакшыларга ишенемин дагы эле,

Керемет го, нагыз сүйүү чын беле?

Кантип? Дале жүрөсүң жаш бойдон,

Мен карыдым. Өмүр гүлүн себеле...


***

Жакшы адамдын торогондон түз жолун,

Акмактар бар, андан алат рахат.

Бир байкуштун алсам экен чоң сообун,

Деген пенде чын бакытты таба алат.


***

Чоң байларга көз артышпайт жакырлар,

Санаа чекпей, күтүп таңды атышат.

Алар кайра садаканы көп алган,

Мискиндерге жалдырап көп барышат.


***

Болгуң келсе бул жашоодо бактылуу,

Туткундалган ичтардыктан арылгын.

Айкөлдүктүн пайдасы зор, ал улуу,

Танда ушуну, ачылганы багыңдын.


***

Ээрчигендей нур төгүлгөн жарыкты,

Менден калбай кошо жүрөт көлөкөм.

Ооматты да, көралбастык ээрчийт ов!

Ажыратып бөлө албадым бул экөөн.


***

Жүрөгүмдүн барагына ар күнү,

Жазып турам ар жылдагы жакшы күн.

Өтүп барат күндөр жакшы маанайда,

Алты саным аман – бакыт мен үчүн.


***

Жүрөк сүйгөн сөздөрдү айтпай койбогун,

Өмүр кыска. Айт, айтып кал тартынба.

Убакыт аз сен калтырып кеткенге,

Арман болуп, калбасынчы артыңда.



Ата жана карылык

Жалгыз бөлмө. Ата жатат сыркоолоп,

Жетимиштен ашкан жашты ыроолоп.

А жанында же уул, же кыз көрүнбөйт

Садагалап түшө калчу үстүнө,

Бир кездерде ооруп калса чыргоолоп.


Алар кайда? Тиричилик ай, каат заман!

Өз жеринде жашоо кыйын, жок аргаң.

Аргасыз жашоо үчүн айлап, жылдап,

Жүрүшөт чет жерлерде ойго салган.


Ушул курак, карылыкпы чын эле?

Муундар ооруп, алсыз тартып бүт дене.

Жо-жо, жо-жок көрүнүшүң сыркоолоп,

Калгандыгы, болуш керек жок дебе.


Дале азыр кубаттуудай турамын,

Өтө картаң тарта элек го курагым.

Бирок, аттиң! Жаш кезиңдей ал-кубат

Болбойт тура, өттү чиркин убагым.


Эми мына сөз айтайын мен чындап,

Салт ушундай – жашап келген кылымдап.

Аталаган канча балаң болсо да,

Бир кемпириң түтөт тура чырылдап.


Аталашып сыйлап берет оокатын,

Анда сөз жок. Белен дечи оокатым.

Чектелип калбайт жашоо тамак менен,

Тоо дебегин, көрбөй туруп зоокасын.


Бир гана саз жалгызсырайм күн-түндөп,

Сабыр тилейм, калбайынчы көп жүдөп.

Чоң аталап неберелер келишсе,

Арыламын санаалардан күн күндөп.



Сезимдерди тебеледиң сен неге?

Болбойт тура биз эңсеген жашоолор,

Бул турмушта аны айтсак көп кеп болор.

Казан-аяк танбайлы аны кагышат,

Үй-бүлөдө күн да келет кут коноор.


Издебейли күнөөнү бир адамдан,

Ал байкалат ар бир баскан кадамдан.

Мен көп көрдүм айбан сымал адамды,

Оолак болгум келет андай жамандан.


Өткөргүм бар өмүрүмдүн калганын,

Мени сүйгөн жакшы менен жанашып.

Көрүүдөмүн тагдыр башка салганын,

Өмүр жолум – калбаса дейм адашып.


Адамдыкты паска түрткөн бул эмне?

А бул дүнүйө – түшүнбөдүк эмнеге?

Мен көп айттым, «алмаштырып акчага,

Сезимдерди тебеледиң сен неге?”.


Токтомамат Шаматов, ардагер мугалим, Ош шаары  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер