Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Салмактуу саясатчы, дасыккан дипломат Руслан Казакбаевдин нускалары

Салмактуу саясатчы, дасыккан дипломат Руслан Казакбаевдин нускалары

06-май, 09:00
771 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда экономикалык дипломатияны жандандырып, Кыргыз–Венгер, Кыргыз–Өзбек өнүктүрүү фондулары түзүлүп, санариптештирүү, энергетика, жеңил өнөр жай, тоо-кен тармагы боюнча бизнес долбоорлорун каржылоо иштери жаңыдан колго алынып жатат. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган бул реалдуу, жигердүү иштер мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин демилгеси менен башталган. Анын күч-аракети менен Кыргызстандын Италиядагы, Венгриядагы элчиликтери ачылган. Кыргызстанда өлкө үчүн жанын сабап иштеген мындай мамлекетчил министр сейрек кездешет. 

Элди тентитип, шорлотуп, аягында Кудай жазасын берген качкын президенттер Кыргызстанды дүйнөгө терс жагынан таанытса, Руслан Казакбаев оң жагынан даңазалап, Россиянын тышкы иштер министри С.Лавров, Түркиянын тышкы иштер министри М.Чавушоглы менен теңата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, боордош Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжандын министрлери менен достук мамиледе болуп, анын жогорку деңгээлде жүргүзгөн дипломатиялык ишмердүүлүгүнө В.Путин, Н.Назарбаев, К.Токаев, Ш.Мирзиёевдердин назары түшүп, ыраазы болуп, жылуу кабыл алганын айтып жүрүшөт. Анткени, Р.Казакбаевдин дипломат катары эл аралык аренада татыктуу орду бар.

Руслан Казакбаев мамлекеттик кызматта иштеп, таман акы маңдай тери менен бышып жетилип, анан чоң саясатка келди. Ал адал иштеп, ак кызмат кылды, коррупция гүлдөп, казына тонолуп, “аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабайт” деген учурда да күмөндүү иштерге аралашкан жок, таза бойдон калды.

Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы генералдык консулу болуп иштеп, түрк инвесторлорун Кыргызстанга тартып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошту. 2010-жылы төңкөрүштөн кийин тышкы иштер министри катары өлкөдөгү абалды турукташтырууга көп күч жумшады. Дипломатиялык ишмердүүлүктү күчөтүп, Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрдү. КМШ мамлекеттери, Шанхай кызматташтыгы, ЕБ өлкөлөрү менен жигердүү иш алып барып, кошуна өлкөлөр менен байланыш бекемделип, Россия, Кытай сыяктуу стратегиялык өнөктөштөргө сый мамиле тереңдеди. Кандай учур болбосун, ал өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргоп, жан тынымын албай, каруусун казык кылып иштеп берди. 

Анын мамлекетчил сапаты эл аралык мамилелердин казанында кайнап жүрүп калыптанган. Ошон үчүн ал Жогорку Кеңеште депутат катары да мамлекеттик иштерге көп көңүл буруп, олуттуу маселелерди көтөрүп келди. Өткөн жылы эле болуп өткөн ЕАЭБдин кезектеги жыйынына ошол кездеги вице-премьер-министр Ж.Разаков жетектеп барган делегация алып барган бир да долбоорун өткөрө албай, өлкөгө куру кол кайтканына кейип, парламентте Р.Казакбаев “биздин делегация ЕАЭБдин жыйынына жөн эле конок катары барып келди. Булар алып барган бир да долбоор каралган жок, өткөн жок. Себеби эл аралык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө буларда компетенттүүлүк жетишпейт. Жолугушууга делегация эч даярдыксыз барган, өнөктөштөр менен күн мурунтан сунуш кыла турган маселелер боюнча макулдашуулар болгон эмес. Ошон үчүн алардын долбоору өтпөй калды. Булар каратып туруп, өнөктөштөрдүн алдында биздин өлкөнүн аброюн түшүрүп жатышат. Ошондуктан, мындай жооптуу иштерге делегацияны жакшылап даярдап, өлкөнү уят кылбагандай кылып жөнөтүш керек” деп кемчиликтерди көзгө сайып көрсөтүп, өкмөткө сын айтып, катуу талап койгон. Минтип мамлекеттин ишине күйгөн киши гана чырылдап айтат. Болбосо оозун ачкан бир делегация Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой албай келгени менен кимдин иши бар? 

   Руслан Казакбаев депутат катары да жигердүү иш жүргүзүп, коомго керектүү мыйзамдарды даярдап, кабыл алдырган. Элдин көкүрөгүн өйүгөн маселелерди көтөрүп, өкмөткө катуу талап койгон принципиалдуу, нарктуу депутаттардын бири болгон. Мамэкотехинспекциядагы, архитектурадагы коррупциянын бетин ачып, Бишкекте жүздөгөн көп кабаттуу үйлөр курулуш нормалары боюнча туура эмес салынып, коопсуздук жагынан күмөндүү экендигин да Казакбаев айтып, парламентте маселе көтөргөн. Ал эми курулуш фирмалары жалган келишимдерди түзүп, жүздөгөн жарандарды алдап, көз боёмочулук кылып жаткан кыңыр иштерди да Казакбаев ачыктап, жарандардын таламын талашып, чындык үчүн күрөшүп келген. 

   Ар дайым эл арасында жүрүп, элдин камын ойлогон Руслан Казакбаев таажылуу вирус пандемиясы жаңы башталып, жайыла баштаганда эле мигранттардын маселесин көтөрүп, ЕАЭБдин алкагында өнөктөш өлкөлөр Россия, Казакстан менен макулдашып, биздин мигранттар өз жерине тоскоолдуксуз кайтып келиши үчүн “жашыл коридор” ачуу зарылдыгын 15-апрелде эле парламентте айтып, маселе көтөргөн. Маселе чече албаган шалтурук өкмөттүн айынан кыргыз мигранттары Россия менен Казакстандын чек арасында мамлекети жок цыган таборуна окшоп, арып-азып, бир айлап ачык асман алдында жатканына бүт дүйнө көз салып, карап турду го... 

Азыркы кыргыз саясатынын истеблишментинде Руслан Казакбаев салмактуу орунду ээлеп турат. Ал министр болуп турганда өлкөбүздүн эл аралык мамилелери ургаалдуу жүргүзүлүп, кошуна өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштөр менен да дипломатиялык байланыштар бекемделип, Октябрь окуяларынан кийин үзгүлтүккө учураган жок. Себеби, тажрыйбалуу дипломат, тышкы иштер министри Р.Казакбаев өлкөнүн тагдыры чечиле турган кыйын учурда кризис менеджер катары кызмат аткарып, мамлекетибиздин эл аралык мамилелерин жолго коюп, кызматташууларды бекемдеп, өлкөнүн эл аралык аброюн көтөргөнгө каруусун казык кылып, катуу иштеди. Кыска убакытта эле президент С.Жапаровдун Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркияга иш сапарларынын жогорку деңгээлде уюштурулушу мунун айкын далили. 

Руслан Казакбаев 30 жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп, анын ысык-суугуна күйүп, калыптанып, жетилди, таза иштеди. Парламентте депутат катары карапайым элдин көйгөйлөрүн чечүүгө көп убактысын жумшады. Ал кандай маселе болбосун принципиалдуу мамиле жасап, көпчүлүктүн шары менен кол көтөрө бербей, сунуш кылынган мыйзам долбоорлорунун дурус-буруш жактарын талдап, электен өткөрүп, баардык маселе боюнча өзүнүн позициясы, пикири бар салмактуу саясатчы катары таанылды. Парламентте карманган негизги принциби--мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоо болгон. 

Экс-министр Руслан Казакбаев дипломатиялык каналдар аркылуу мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө умтулду. Ошон үчүн ириде чек ара көйгөйлөрүн дипломатиялык сүйлөшүү, диалог жолу менен чечүү максатын койгон. Себеби, анын көз карашы боюнча чек ара чырдашуунун, тирешүүнүн предмети болбостон, достуктун, ынтымактын, коңшулуктун чордону болууга тийиш.

Ар бир төңкөрүш болгон сайын Кыргызстан укуктук талаадан чыгып, дүйнөлүк коомчулук ишенбөөчүлүк менен карап, мамлекеттүүлүккө шек келген учурларын танууга болбойт. Эл башына күн түшкөн ушундай учурда кысталышта жол тапкан, кыйындакта сөз тапкан элибиздин мыкты уулдары баардык жоопкерчиликти мойнуна алып, конституциялык ыйгарым укуктарын аткарбай, бийликти мыйзамсыз таштай качкан президенттин, премьер-министрдин милдетин аткарып, жаңы өкмөттү курап, бийликти жигердүү алып кетишти. Ушундай саясый кризис учурунда тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаев кырдаалга туура баа берип, “Кыргызстан кол койгон баардык эл аралык келишимдердин талаптарын кыйшаюусуз аткарат, өнөктөштөр менен кызматташууну улантат жана алардын укуктарын толук сыйлайт” деген таризде кайрылуу даярдап, Бишкектеги чет өлкөлөрдүн элчиликтерине, эл аралык уюмдарга, жалпы эле өнөктөш өлкөлөргө министрликтин атынан расмий билдирүү тараткан. Элдик толкундоолордон кийин “эми эмне болот?” деп сарсанаа болуп, күтүп жаткан чет өлкөлүк инвесторлор, жарандарынын камын жеген элчиликтер ошондон кийин көкүрөгүн басышып, көңүлдөрү жай болду окшойт. Себеби, расмий түрдө Кыргызстан өзүнүн өнөктөштөрүнүн алдында алган милдеттенмелерин толук аткара турганын, мерчемделген иш-чараларды биргеликте уланта берерин, чет өлкөлүктөрдүн укугу толук корголо турганын тастыктап отурат. Жаңы дайындалган тышкы иштер министринин расмий кайрылуу жасаган бул чечкиндүү кадамы ошол учурдагы оор абалды бир топ жеңилдетип, мамлекеттик бийликке кыйла ишеним пайда кылды. Руслан Казакбаев 2010-жылдын 7-апрель окуяларынан кийин да тышкы иштер министри болуп дайындалып, өлкөнү укук талаасына алып келүүгө өз салымын кошуп, ШОС, ЕАЭБ, ОДКБ сыяктуу өнөктөш уюмдар менен да тыгыз кызматташып, чоң тажрыйбага ээ болгон. Бул жолу ал тажрыйбалуу дипломат катары кошуна өлкөлөр менен да, эл аралык уюмдар менен да тез тил табышып, кызматташып, Россия сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр менен андан кийин Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу кошуна, Түркия сыяктуу достук байланыштагы өлкөлөр, Америка, Кытай, Европа өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерди тез аранын ичинде жөнгө салып, жан аябай иштеди. Кыргызстандын көп векторлуу саясатын улантып, Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркияга болгон иш сапарлары жемиштүү болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгы, пайдасы үчүн маанилүү сүйлөшүүлөр аталган өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин деңгээлинде иштиктүү жүргүзүлгөн. Ошонун натыйжасында Өзбекстандан азык-түлүк жана дары-дармек жардам келди. Эл аралык деңгээлде жүргүзүлгөн бул алгылыктуу иштердин баардыгы анын тажрыйбалуу элчи, таланттуу дипломат катары бел чечпей иштеп, элине ак кызмат кылып жаткан эмгегинин жемиши. 

Сыртынан караганда чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр, мамилелер өзүнөн өзү, өз нугу менен болуп жаткандай таасир калтырат. Бирок, ал тер төккөн мээнеттин акыбетинен болуп жатканын баары эле биле бербейт. Өнөктөш, союздаш өлкөлөрдүн өкмөт башчылары, элчилери, инвесторлордун өкүлдөрү менен диалог куруу оңойго турбайт. Алардын да өз кызыкчылыктары, өз максаттары болот дегендей. Бирок, 1996-жылдан бери дипломатиялык иштердин казанында кайнап, эл аралык мамилелердин чок ортосунда жүрүп, баардыгына көзү жетик болуп, такшалган таланттуу, чыйрак кадр Руслан Казакбаев дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн чебери, дасыккан элчи катары белгилүү, ал ар дайым Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын коргой билет, ошон үчүн министр катары анын иш сапарлары жемиштүү болуп, реалдуу жыйынтыктары менен элдин колдоосуна, алкоосуна ээ болуп отурат.


Аскар Медетов 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер