Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сыймык эмне, “баатырың” ким, Кыргызстан!?

Сыймык эмне, “баатырың” ким, Кыргызстан!?

05-ноябрь, 12:21
2 224 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакшы тилек менен балага ысым тандайбыз, бирок...

Шашып кетиппиз, “мамлекет жана эл үчүн зор эмгек сиңирген инсандарды” мамлекеттик даңктоо менен алкоо чарасы Ала-Арча көрүстөнү менен эле аягына чыкпайт экен. Көзү өткөндөн кийин “атын түбөлүккө калтыруу” үчүн айыл-апа, көчө, мектеп-бакча, айтор, көзгө урунган коомдук-мамлекеттик мекемелерге аттарын чаптоо, андан ары туулган күндөрүнө байланыштуу мааракелерин өткөрүп туруу “парз”. Кайсы бир жылдары гезиттен окуганым бар: Талас районундагы Үч-Эмчек айылынын эли, эмчек ээмп эрезеге жеткен эле кыргыздар, өз айылынын аталышынан анча-мынча кысынышканбы, иши кылып, айылдын атын алмаштырып, ага ошол айылдын атактуу кулуну, акын Сүйүнбай Эралиевдин ысымын коймок болушкан. “Баатырлардын” катарына кийинчерээк кошулган фронтовик-классиктин көзү тирүү эле. “Э, айланайын кыргызым, ушундан башка кылар ишибиз жокпу, деги акылга келсеңер боло?!” деп жердештерин кагып коюуга эрки жетпеген менен туулуп-өскөн айылынын тубаса атын тартып алуудан уялган го, саал-паал каршы болуптур. Акыры ары-бери тартышып отуруп, акыл табылып, айылды “Сүйүнбай Эралиев атындагы Үч-Эмчек айылы” атамак болушат... Ушинтип, “аты түбөлүккө кала тургандардын” өлүү-тирүүсүнө карабай калган учур да болду...

Мектепти бүткөндөн кийин 1992-1993-жылдары Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинде корректор болуп иштеп калгам. Ошондо гезитке “Анаш Мырсабеков, психология илимдеринин кандидаты” деген автордун макаласы чыгып калчу. Аны окуп, “илим кандидаты дегендер деле ушундай чалагайым жазат турбайбы” деп,   ичим чыкпай калганым эсте. Кийин ошол киши Оштогу педагогикалык окуу жайга директор болуп калды. Көрсө, президент Аскар Акаевдин жан-жөкөрү Кубанычбек Жумалиевдин бир тууган агасы экен. Көп өтпөй эле ааламдан өтүп кетти окшойт. Анан эле заматта А.Мырсабековдун атын бул учурда колледж болуп калган, пайдубалы тээ 1920-жылдары түптөлгөн ошол окуу жайга коё коюшту. Бири мамлекет, бири өкмөт башкарган, доктор, академик, кыргыз ичинде илим-билимдүү, алтургай интеллектуал делген адамдардын акылы жеткен саясат –ушул! Эки уулум 2011-13-жылдары Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназиянын 1-классына барды. Кыргыз баласы арипти “Алиппе” менен таанып, сабатын кыргызча ачып, адепки билимди эне тилинде алганы зарурат (эне тил, улут руху кан-жанынан ажырагыс болуп өөнө боюна синген соң, бөтөн тилден жок дегенде орус, англис тилдерин өздөштүрүп, бу тилдерде сүйлөп, жаза билмеги кажет) деп, ошо легендерлуу (СССР кезинде Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын борборундагы жападан жалгыз кыргыз мектеп болгон эмеспи!) мектепке бергем. Ошондо билдим, улуттук гимназия статусун алган бул мектеп профессор Молдокулов атында экен. Ашым Жакыпбеков, Салижан Жигитов, Ишенбай Абдуразаков, Төлөмүш Океев сындуу кыргыздын жоон топ үлкөндөрү “№5ти” бүткөндүгүн билчү элем. Бирок, А.Молдокулов деген окумуштуу бардыгын билбейт экенмин. Балдар 2015-2016-окуу жылында Ош шаарындагы №50 мектеп-гимназиясында окушту. Шаардын батыш кичи районунда жайгашып, 2000-жылдары ачылган бул мектепти баары “Манас мектеби” дешчү. А ошондо билсем, мектеп улуу эпостогу айкөл Манастын эмес, Пайзилла Нышанов деген кишинин атында экен. Ошондон улам кызыгып, Нышанов деген бир кезде Ош шаардык билим берүү бөлүмүн кыйла жыл жетектеген адам экендигин билдим. Ошого карабай, бул мектептин окуучуларынан “кайсы мектепте окуйсуң?” деп сурасаң, “Манаста” деп жооп беришчү. Бир кезде мектепке Манас аты коюлмак болуп, ошондой кеп жүрүп, анан кайра коюлбай калганбы (демилге көтөрүп, “шагыл төгүп берем” деп, жардам убада кылган тууган-уругу чыкпаган го Манастын?), же башка дагы себеби барбы, ким билет?.. А окуучулары “Манас” деп көжөлүп, балалык кыялдарында мектептин атын жөн пендеге эмес, идеалдуу каармандан төмөнгө ыроологусу келбей жүрүшчү көрүнөт. Анан эмесе, жакшы тилек менен балага тандап ат коёбуз, а неге балдардын билим уясына ат тандалбашы керек?! 


Ажатканаларга гана адам ысымы ыйгарыла элек 

Тек, өзүм туш чыккандан улам гана мында мисалга тартылып калган Мырсабеков, Молдокулов, Нышановдор кантсе да илим-билим менен иши бар кишилер экен... Раис, башкарма, бригадир, соодагер, бандит, ууру... Айтор, акыркы жылдары башкасы түгүл, мектептерге дагы кимдердин гана аты коюлбады!? Канткен менен балдарды тазараак, бийигирээк идеалдарга үндөгөнсүп турчу, андан көрө илгерки “Правда”, “Пушкин”, “Коммунизм” деген аталыштарды жөн койсок эмне?.. Акыркы кездери жөпжөнөкөй турмуштук аңгемелери менен адабиятыбызда өзүнчө барак ачкан жазуучу Мамат Сабыровдун “Көк пакет” деген аңгемесинде мындай бир диалог бар: “Жана иниси экөө келатканда Ашым тамдардын биринин боорунан “Көчөрбай ата көчөсү” деген жазууну көзү чалган болчу. Бул айылда Көчөрбай аттуу бир гана киши болор эле, кумарпоз. Кээде бир-эки айлап жоголуп кетчү. “Лейлектен же Парганадан палан бирөөгө көп пул уттуруп, шонон качып жүрөт экен” дешчү айылдагылар. Өлөргө жакын камалып да чыкты окшойт. Азыр ошол жадына түшүп кетип, Паттага суроо салды.

-- Бу көчөнүн аты Көчөрбай аванын атыга коюлдуву?

-- Ыы. Көрдүңүзбү, балдары шагал төгүп, көчөнү сонун кылып оңдоп коюштулар. Тилевалды агайдын балдары ям “атабыз ойлоп табуучу болгон, жигирмата патенти бар” деп, койдурганга куп аракет кылыштылар. Бирок, “атаңар Кум-Дөбөгө ниме кылып берди эле?” деп биз ынавай койдук. Онун патентинин бизге ниме кереги вар?” (Мамат Сабыров, “Акыркы сапар”, Бишкек, 2018 ).

Ал эми жазуучу-саясатчы Каныбек Иманалиев: “Пендебиз да. Азыр көчөлөргө, мектептерге, атургай заправкаларга (Токтогулда “Талып молдо” атындагы заправка бар), РИИБ, участкалык милицияларга чейин кишинин аттарын ыйгармай мода болуп, Адам аты өтө арзандап кетти” дейт. (“Тагай бий”, Бишкек, 2015).

Маскөөдөн бекитилген эреже-тартип жокко чыккандан бери тээ элет айылынын булуң-буйткасына чейин жойлоп кирип, коолап-чайлаган кыргыздагы ат коймой жөрөлгөсүнүн бир үзүмүн көзгө мындан таамай тартуу кыйын. Мектеп, көчөлөрдүн саны деле чектелүү экен, кимисине жетсин? Ошондон улам ушу тапта канжол, көпүрөлөрдөн бери адам атын ала баштады. Мисалы, жакынкы жылдары Ош--Чөгөм жолунун Папан айылына кире беришиндеги селдин нугуна бир кичине көпүрө салынды. Анан анын жанына “Каары Алимбеков атындагы жол” деп бадырайта жазылган көрнөк орнотулуп, бир кишинин “аты түбөлүккө калтырылды”. Айыл эли бири-бирин тааныйт эмеспи, “ушу Папандан Нурбек Алимбеков деген депутат чыкпады беле, ошол көпүрө салдырып, анан азаматтык кылып, атасынын атын жолго коюп койгон экен да...” деген кеп кетти. Эми “Алимбеков атындагы жол менен келатам, же кетип атам” деп айтканга дагы көнүп кетишээр... Машина жолго атасынын атын энчилөө менен эле чектелбей, жаңылбасам, быйыл ошол депутат мугалим болуп пенсияга чыккан атасына кайсы бир ардактуу мамнаам алып берди окшойт (ошол жерге жете бербей, суу сактагычты бойлогон жолдун эки жериндеги сел нугуна дагы жеке адамдардын күчү менен көпүрөлөр салынды. Көрнөгү жок. Ошондуктан калк эки көпүрө кимдин, канча пулуна салынганын аныктай албай убара. Бири “папандык бир бизнесмен жигит салдырган имиш, соопчулук үчүн деп ушундай иштерди жасап, бирок, атын жашырып, жарыя кылбайт экен” десе, дагы бирөө башканы айтат). Дегеле, акыркы жылдары кишинин аты коюлбаган коомдук жай – ажаткана (эски кыргыздар “чычтымкана” дешчү ) гана калды. Антсе да, ат коймойдон кыргыздын “талгагы” кана элек. “Кокуй, Бишкекке Манастын, ал районго Айтматовдун, тиерге Тигинчеевдин, буерге Буланчаевдин атын койбосок болбойт” деген интеллигенттик бакырыктар, Кыргызстанда ат коймойдон башка олуттуу проблема калбагандай түр берген айбаттуу чакырыктар радио-теледен, же гезиттен байма-бай жаңырып турат... Ош шаарынан биздин айыл Чөгөмгө (же Турукка) жеткенге чейин Ак-Буура дарыясында жети көпүрө бар (сел үчүн салынган тиги кичи көпүрөлөрдөн тышкары). Жетинин бири Байкатындын көпүрөсү делет. (Башкасы Шуттун, Кайыңдынын, Күндөлүктүн, Байдамталдын ж.б. көпүрөсү аталып, көпүрө турган жердин атында). Айтууда, илгери машина жолдун кабары жок маалда бир бай катын, же байбиче ошерге арчадан жыгач көпүрө салдырган экен. Албетте, бай катын азыркы кыргыздарчылап атымды “түбөлүккө калтырам” деп деле ойлобосо керек, өзүнүн атын да, атасынын атын да эч ким билбейт.     “Токсонбайды көчкү алган”, “Токтосунга таш тийген”, “Тыныбектин талаасы”, “Керимбайдын сазы”, “Имет конгон”, “Байбиченин өтөгү” делип, эч бир буйрук, көрсөтмөсүз эле кээ жерлер өзүнөн өзү адам аты менен белгиленип калганы болбосо, атайылап бир жерге карабашыл кишинин атын коюу жосуну кыргыздын улуттук адат-салтында дегеле жок болчу. Албетте, илгери көчмөндүктө эндей жашагай элибиз көпүрөдөн башка коомдук курулуш деле салган эмес дегилечи... Бирок, ошо көпүрө курганы деле туруктук байкатынга окшоп, кылган кызматынын колкосу катары ага өз атын жабыштыра койгонго “билими, акылы жетпесе” керек...


Советтик-социалисттик каада

Ооба, “баатыр”, “ишмер” ж.б. ардак наам, түрдүү мамлекеттик сыйлыктар таратуу салты СССРден мурас калган каада экендигин сөз башында айтканбыз. Ошентип, коомго, тагыраак айтканда, коммунизмди куруучуларды өстүрүү, жаш   муунду патриоттук-коммунисттик духта тарбиялоо үчүн өрнөк болот (!) деп символго айлантылган адамдардын сөөгүн атайын бейитке, а аттарын маммекемелерге коюу жосуну ошол коммунисттик салттын жыйынтык бөлүгү. 

...Тээ атамзамандан келаткан гуманисттик идеялардан угут алып, Батыштын акылдуу адамдарынын мээсинде, калеминде элестелген коммунисттик коомду кагаздан түптүз турмушка көчүрүп, Европанын эң артта калган мамлекети Россияда ишке ашырмак болгон большевиктик төңкөрүштүн амири менен биз, кыргыздар, эл катары жоголуудан сакталып калдык. Большевиктик революция, анын аркасында түзүлгөн советтик-социалисттик дөөлөт калың орус калкына эмне берди: пайда таптырдыбы, же залал тарттырдыбы? Алардын берер баасы өзүнчө. А кыргыздарга жасаган жакшылыгы өлчөөсүз: улут атандык, өнүп-өстүк, мамлекеттүүлүккө жеттик. Карыздарбыз, бирок, карыздарлык деген ошол мезгилдин коомдук-саясый жол-жосун, адат-салттарын сокур кайталоону түшүндүрбөшү керек. Коммунисттик түзүлүш эмне себептен дүйнөдөгү саясый атаандаштыкта утулуп, упурады? Бир кезде түбөлүктүүлүктүн символундай сезилчү эбегейсиз империя неден жаза басып, ыдырады? Келечектен үмүтү бар, акыл-дээрге эгедер коом бу өңүттө анча-мынча ойлонушу керек да, туурабы?.. Билебиз, СССРдеги коммунисттик режим жасалма идеалдарды, апыртма түшүнүктөрдү калктын кан-жанына сиңирип, сыймык туттуруу менен жаңы баалуулуктарды жаратмак болгон. Сөз арасында “Советтер Союзунун Баатырлары Советтер Союзун сактай алган жок” деп бекеринен айтканыбыз жок. Советтик бийлик түзгөн баалуулуктардын ичинде дал ошол жасалма мамлекеттик сый-ургал да бар. Деги эле, акыркы учурунда советтик коом жалган элестерге таянып калат. Бийлиги караламанынын көзүн таңып, бутун тушап алып,   социалисттик Совет өлкөсүндөгү эркиндик, тендик, байгерчилик менен капиталисттик Батыштагы кулчулук, адилетсиздик, ачкачылыктын бейиш менен тозоктой айрымачылыгы тууралуу жомок айтат. Бири-бирин: бийлик элди, эл бийликти алдап, жонунан таптап жүрүп отурат. Коммунисттик идеологиянын ишке ашпас куру кыялдыгы ошол жолойго салганбы, иши кылып, коммунисттик режим курулай шаңдануучулук, жайдак даңктоочулук, карандай калп менен казан кайнатууга аракет кылат. Эң башкысы болбосо дагы, СССР империясынын ыдырашынын, социализмдин “эсил кайран” болушунун бир себеби – ошол саясат.  Ошентип, биздин Кыргызстанда да социализмди капитализм, болгондо дагы, жапайы капитализм сүрүп чыкты. Коммунисттик идеология иллюзия боюнча калды.

Колу-жолу бош, эркин Кыргызстан эми кандай мамлекет болот? Кандай коом курабыз? Кандай баалуулуктар жашап, каякка ориентир жасашыбыз керек? Мунун баарын эсеп-чотко салуу жок дегенде улуттун “башы, мээси” делген улуттук интеллигенциянын милдети болушу керек (!) дешет. Тилекке каршы, бу маселе биздикилерди ойлонтуп, түйшөлткөн жок. Коом кай заманга бараткандыгын,  дүйнөдө эмне өзгөрүш, бурулуш болуп атканын деле аңдап-билгиси келбеди. Ачык айтканда, ага дарамети, дээри жетпеди.

Кыргыз интеллигенттери, тек, тарыхтан табылбаса, эпостон, алтургай ушу кедерине кеткен 30 жылдык болмуштан дагы “баатырларды”, “улуу инсандарды” таап, алардын маараке-тойлорун өткөрмөйдөн; керек болсо, ар бир көчөдөн “ишмер” чыгарып, ар имаратка ат коймойдон; ар кыл мамнаам, сыйлыктарды оңду-солду таратмайдан; анан өздөрү жасаган ал азгырык үчүн өздөрү өлө-тала чуркап, өң-түсүн кубултуп, коомчулук көөнүн бурмайдан башка идеологиялык таяныч, коомдук-улуттук баалуулук таппады. (Улут, мамлекет үчүн жол издегенге, алтургай көрүп-туйган ачуу чындыкты айтканга караганда, “баатыр” болуу алдаганча оңой иш да кыргыз үчүн!). Ошентип, коммунисттерден калган жалган мактоо, жасалма даңктоо жосунуна жаңы өң-түс берип, өркүндөтүп, курулай шаңдануучулуктун кумарына кирип кетти. Эски коммунисттик түзүмдүн деле пайдалана турган өрнөктүү тажрыйбалары арбын болуш керек. А бирок, кыргыз зиялыларынын куру даңкчыл, куру намысчыл желөпкө мүнөзүнө ошончонун ичинен өзүн-өзү актабаган “сый-ургалчыл” салты гана бап келип, жупташып жатып калды. Эми бүт эле “Баланчаев, Түкүнчөевдердин “тарыхый” эмгегин баалап, даңктап, “атын түбөлүккө калтыруу” менен алек болгон кыргыз. Кыргызстандын түбөлүгүн, Кыргызстандын даңкын ойлогон киши жок.


Жаман айтпай, жакшы жок

Биз жогоруда зерикпей саймедиреп, майдалап кеп кылган Кыргызстандагы, кыргыз коомундагы ушул көрүнүш, жөрөлгөлөрдүн баары барып-келип бир гана олуттуу проблеманы каңкуулап туру. Ал – элибиздин маданий-интеллектуалдык потенциалынын айласыз жардылыгы, коомдук эс-акылдын али да өсүп жетиле электиги, мындан чыкты, караламанды быякка кой, улуттук интеллигенция катмарынын дагы рационалдуу ой жүгүртүүгө чамасы жетпегендиги, примитив-провианциалдык көз караштардын кучагынан чыкпагандыгы! Ал эми көкөлөтө даңазалап, пир туткан расмий да, бейрасмий да “баатырларыбыз” бу кейиштүү кейпибизди – менталитетинин мандемин, алаңгазар-арыжоктугубузду ансайын даана көрсөтүп, “ким экенибизди айтып берип” турат: “досунду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берем” дейт тура орус калкында. Немистин бир акылдуу адамынын “багы жок өлкө – баатырга муктаж” деген накылы да дал эле кыргызга багышталып айтылган сыяктуу...

Мамлекетибиздин азыркы акыбалы, орду белгилүү. Тарыхый чындык: биздин эл, кыргыздар, 1917-жылкы Улуу Октябрь революциясына чейин падышалык Россиянын колониясындагы Түркстан элдеринин арасындагы эң артта калган калк болчу. Негизинен барат болуп, эми өз тагдырыбызды өз колубузга алган соң кайра ошондой абалга бараткан жокпузбу?!

Элдик накыл: “Жаман айтпай, жакшы жок” дегени менен, кыргыз интеллигенттери реалдуулукту дегеле моюнга албайт. “Нени келжиреп атасың?” деп беттен алат. “Кыргыз деген улуу эл” дейт... “Баатыр эл” дейт... “Байыркы тарыхыбыз” бар дейт...” империя түзгөнбүз” дейт...


(Уландысы бар)

Абдувахаб МОНИЕВ

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер