Назира Бердигулова: “Автордук “Даам” аттуу берүү менен улуттук тамак-ашты даңазалагым келет”
-- Назира чыгармачылыкта, үй-бүлөдө кандай жаңылыктарың бар? Балдар чоңоюп жатабы?
-- Адаттагыдай эле эфирдемин. Өткөн жылкы декреттик эс алуудан кийин кайра эле биринчи коомдук каналдын “Замана” студиясына ишке чыктым. Өзүңүздөр билгендей, бир жылдан бери иштеп келем. Андан тышкары өзүмдүн Ютуб каналымда автордук берүүм бар. Бул “Даам” программасы. Бул программада тамак жасайбыз. Саясатчы, ырчы болобу, коомдук ишмер болобу, же жөнөкөй эле үйдө отурган айым даамдуу тамак жасаса да бул программага тартылат. Программанын максаты – унутта калып бара жаткан кыргыздын улуттук тамактарын сактап калуу. Ошолорду жасоо. Мисалы, сегиз саат кайнатылган кара бүрмө тамагы бар экен. Этти, чучукту жашылчалардын баарын карынга салып бышырат экен. Муну дымдаманын экинчи түрү деп айтсам жаңылышпайм. Дымдама казанга демделсе, бул тамак жылкынын карыны болобу, уйдун карыны болобу, ичине салып, 7-8 саат бышат экен. Ушундай эски тамактарды, улуттук тамак-аштарыбызды унутпай жүрүү керек деген багыттагы программа.
-- Бош убактыңды кандай иштерге арнайсың?
-- Маал-маалы менен жасаган кайрымдуулук иштериме күбө болуп жүрсөңүздөр керек. Дагы бир жакшы жаңылыгым бар. Спорт менен машыгам. “Биринчи байлык ден соолук” дегендей, спорт менен машыгууну унутта калтырбашыбыз керек. Көроокат, жашоо, ушак менен убакыт өткөрбөй, ден соолукка көңүл буруу маанилүү. Ден соолук бул Алла Талаадан берилген аманат. Ошол аманатты сулуу бойдон сактоо милдетибиз.
"Азия Ньюс" гезити