Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мугалимдерден башка коррупциянын “кит”, “акулалары” жоопко тартылса...

Мугалимдерден башка коррупциянын “кит”, “акулалары” жоопко тартылса...

15-август, 21:55
554 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мыйзамсыз баюу” беренеси менен атактуу №61 мектептин диретору Ю.Низовский кармалды. Негизи Бишкектин баардык эле мектептеринин директорлору коррупцияга аралашкан. Себеби, 900 окуучуга эсептелген мектептерде 3000 бала окуса, орун жок болсо, эне-аталар балдарын киргизиш үчүн директорлорго тапкан ташыганын берип жатышат да. Мектеп фонддору жоюлган жок, демек, мындан ары да мыйзамдуу түрдө коррупцияга жол ачкан уюм катары санала берет.

УКМК коррупцияга каршы күрөшүп жатканы жакшы, бирок ошол “жегичтердин” эң алсызы мугалимдерге эле асылбай, “кит”, “акулалар” катары эсептелген сот, прокуратура, бажы, салык, энергетика, транспорт тармагындагы мыйзамсыз байыган эргулдарды да тайраңдатпай көзөмөл кылса, туура болот. Бир директордун эки-үч үйү болсо болгондур, ал эми бажычылардын, салыкчылардын, сот, прокурорлордун хансарайларын каякка жашырабыз?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер