Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Путин менен сүйлөшкөндөн кийин Трамп өзгөрдү”


-- Токтогул агай, өткөндө Трамп, Зеленский жана европалык лидерлердин жолугушуусунан кандай жыйынтык чыкты?
-- Трамп менен Путиндин кезигишүүсүнөн кийин Зеленскийдин талабы менен ЕСтин жетекчилиги Трампка барышып, согушту улантууга каражат жана Украинын коопсуздугуна кепилдик сурашкан. Кепилдик болчудай, каражат боюнча АКШ “300 миллиард доллар жардамга берилген, эми берилбейт” деди. Путин менен сүйлөшкөндөн кийин Трамп андан чыкпасын далилдеди.
-- Аляскадагы жолугушуу кайсы мамлекет үчүн жемиштүү болду?
-- АКШ менен РФ келечектеги кырдаалдарды бирге чечүүгө токтолушту. Бирок, мындан эл аралык байланыштар өзгөрөт.
-- “Украинадагы согуш токтоп, согуш оту Кавказда тутанат” деген да божомолдор айтыла баштады. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
-- Мындай божомол сөздөр айтылып атат, бирок булар партизандык группалар болушу мүмкүн. Бир жагынан караганда, мындай каршылык терроризм менен күрөшкөнгө таандык. СВО бүткөндөн кийин Украинага Россия Федерациясына жакын жетекчилер келет. Каршылыктын баарына аёосуз күч колдонот.
Алдыда чоң маселелер турат, жаңы биримдик түзүү боюнча аракеттер башталат.
"Азия Ньюс" гезити











