Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эсенамандын дооматтарына Жеңижоктун таамай айткан далилдери

Эсенамандын дооматтарына Жеңижоктун таамай айткан далилдери

06-май, 21:18
762 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мында айтыла тургандар учурда басма беттеринде кызуу талкууланып жаткан эки кишинин: бири акындар чыгармачылыгын изилдөөчү, журналист, экинчиси жазуучунун бири-экинчисине каршы (кайым айтышуусу деп коёлучу), жазып жаткандарына үн кошуу эмес, тек гана ошол айтыштын реалдуу абалын көрсөтүү, анын чечендик өнөрдөгү ордун аныктап алуу максатында жазылган калыс изилдөөчүнүн пикири катары кабыл алынышын каалар элем. 

Эми риториканын негиздөөчүсү болгон Аристотелдин (б.з.ч. IV кылым) илимий жоболоруна таянуу менен эл ырчыларынын айрым гана айтыштарынын мисалында чечендик өнөрдүн абалын карап көрөлү. Аристотелдин речтин мүнөзү жөнүндөгү теориясына ылайык (биз муну чыгарманы даярдоо деп алалы) даярдоо, аны айтуу беш бөлүктөн турат:

1. Чыгарма жаратуунун предметин, анын темасын жана идеясын табуу (инвенция). Мында сүрөткер турмуштук материалга кайрылат. Чыгармасында бир нерсени далилдөөнүн ык-амалдарын, жолдорун белгилеп алат. Жеңижок (Өтө Көкө уулу) Эсенаман менен айтышында (Эсенамандын да айтыш өнөрүндө орду бар талант экендигине шек келтирбей туруп), Таластан «тентип кетип» Аксыга барганын, буга социалдык шарт, турмуш өзү себепкер болгонун, ар бир жердин, элдин өзүнүн кастарлаган баалуулуктары болорун, биринин экинчисинен кем эмес экенин далилдөө үчүн ылдам даярдана калып, мындай саптарды жарата салат: 

Атам өлүп жашымда, 

Айламды таппай башында. 

Арка болчу ага жок, 

Айланып турчу кашымда. 

Энем өлүп жашымда, 

Эсимди таппай башында.

Эрмек кылар ини жок,

Имерилчү кашымда. 

Арка кылар ага жок, 

Азып кеттим Аксыга. 

Жеңижоктун эли-жерин таштап кеткенинин себеп-далили ушул эле. Албетте, чечендик өнөрдүн мыкты чебери Жеңижок өзүнүн далилдерин аргументтештирүүдө мындай саптар менен эле чектелбейт, ал кадимки акындык салттагы «турбайбы» мотивине салып, узак саптар менен турмушта ар бир окуя табият мыйзамына ылайык болорун кошо айтат. Эмки максат ошол айтышта уят болбоо эле. Бул үчүн риториканын Аристотель сунуш кылган экинчи мүнөзү ачылышы керек. 

2. Ал далилдерди чыгармада жайгаштыруунун (диспозиция), далилдерди сунуш кылуунун иретин табуу. Аристотелдин теориясы боюнча речь (текст) бир нече бөлүктөргө (кириш сөз, абалды сүрөттөө же баяндоо, далил, каршылашынын аргументтерин жокко чыгаруу жана корутунду жасоо) бөлүп алат. Буга ылайык, айтышта Жеңижок эмне кылганын карап көрөлү. Жеңижок өз жообунун башында эле өзүн кордоп, элинен тентип кеткенин айтып кемсинтип ырдаган Эсенаманды сөзгө жыгуу, жооп кайтарып отуруп, аны жеңип алуу максатын көздөбөйт, ал оболу узун сабак кириш аңгемесинен баштайт, тээ алыстан келет. Эгерде Эсенамандын Жеңижокко айтканы 442 сап ырдан турса, Жеңижоктун ага жообу 536 сап ырдан турат. Анын 1-50-саптары акындын кириш сөзү деп айтууга болот. Мында ал жалпы эле жашоо маңызы, табият мыйзамы жөнүндө профессионалдык жогорку чеберчиликте, бир чети аудиториянын көңүлүн өзүнө буруу, өзүнүн жөндөм-шыгын көргөзүү, жалпысынан алганда, даярдануусу (балким даярдоосу) эле. 51-саптан күтүүсүз Эсенамандын өзүнө «психологиялык чабуул» жасап:

Казак Майкөт пирим деп жиндептирсиң,

Карыганча пириңди билбептирсиң, 

Карыганча Майкөттү, 

Мазар кылып кармапсың, 

Эл чогулган мечитке, 

Эч бир басып барбапсың, 

Шайтандарга кошулуп, 

Ыйманыңды жалмапсың, - деген саптар менен каршылашына алгачкы ирет «сес» берет. Бул жеңишке болгон умтулуу эмес, Эсенаманды биротоло «күмжам» кылуу аракети да эмес болчу, тек гана Аристотель айткан «диспозиция» жана өз далилдерин сунуш кылуу ирээтин сомолоосу эле, мунусун акын:

Ай-ааламдын жүзүнө,

Адам өсүп таралган.

Күндүн алтын нурунун,

Күчү менен жаралган.

Албаптырсың эч кабар,

Адал менен арамдан, - деген саптары менен биротоло бекемдеп салат. Андан ары Жеңижок учурдагы абалды сүрөттөө (баяндоо), ага өзүнүн далилдерин сунуш кыла баштайт. Эсенаман айткан дооматтарга биринен сала бирине жооптор айтылат. Бул Жеңижоктун жообунун «эми өрдөктөй учуп келейин, өзүмдөн кабар берейин» деген 106 саптан 164 сапка чейинки жообу эле бул саптарда «тентип» барган жери Аксыда урмат-сыйда жашашы, бир элдин (жердин) экинчи элден кем эместиги жөнүндө, Аксы элинин артыкчылыгы тууралуу жүрөт:

Баарысын айтып кетейин,

Башка сөзгө өтөйүн.

Баятан айткан сөзүңө,

Баяндап жооп берейин.

Эмки сөз чыныгы максатты көздөгөн айтыштын да темасын аркалаган, Жеңижоктун жообунун негизги бөлүгү өзү маани берген учуру эле. Эсенаман мартабасын көтөрүп (не бул акындар айтышында абалтан боло жүргөн көрүнүш деп туралы), өзүн ар нерсеге салыштырат: дарактын мөмөсүнө, суусардын терисине, ордонун жарчысына, арактын шишесине, молдонун дааратына, бозонун угутуна, санаттын сабагына, жоргонун таманына, канаттын чалгынына, жылкынын асылына, ырчынын торгойуна, күкүк менен булбулга теңейт да «айтышамын дегендин, айттырбай тилин буучумун, ары жок сендей ырчынын, алкымдап тойдон куучумун» деген кордук, какшыгы, психологиялык чабуулу менен басынтып кирет. Ага Жеңижоктун жообу даяр эле. Каршылашынын айткандарын жокко чыгарууда мындан өткөн таамай айтылган далил болбойт.

Мөмөсү болсоң дарактын,

Айылдан балдар келбейби.

Арка этектеп теришип,

Ар кайсы жерге жебейби.

Данегиң чирип кык болор,

Кабыгың чирип жок болор.

Өмүрүңдүн акыры, 

Ушундай болуп токтолор.

Шишеси болсоң арактын, 

Мас адам сени сыйлайбы. 

Таамайлап кармап мойнуңдан, 

Ташка чаап урбайбы. 

Койкойгон мойнуң жоголуп, 

Кокуй чал жаның тынбайбы. 

Таманы болсоң жоргонун, 

Качыратып таш басаар.

Туягы кетип түгөнүп, 

Таманыңды какшатаар. 

Телтеңдеп баспай жүгүнүп, 

Теминсе көзүң жаш басаар. 

Күкүгү болсоң ырчынын, 

Күүлөнсө кыргый тийбейби. 

Жоргосу болсоң жылкынын, 

Токмоктоп тойго минбейби. 

Бул саптардан көрүнүп тургандай, Жеңижок акындык өнөрдүн баардык сырларын мыкты билген, анын түптүү арсеналын терең өздөштүргөн, айрыкча айтыш өнөрүнүн чебер устаты экендиги анын тапкычтыгынан, даанышмандыгынан, чечендигинен кашкайып көрүнүп турат. 

3. Билгендерин сөз өнөрү менен жеткире билүү. Муну Аристотель «элокуция» деп атайт, же болбосо ылайыктуу сөздөрдү табуу… Буга Жеңижоктун ыр саптарындагы сөздөрдүн орду-орду менен айтылышы, уйкаштык теориясынын сакталышы, далилдүүлүгү, тууралыгы, тактыгы, орундуулугу, кыскалыгы менен жогорку көркөмдүүлүгү далил боло алат. Жеңижоктун Эсенаман менен болгон айтышын кеңири талдап келип, профессор А.Абдразаковдун жазганы бар: «Жеңижок Эсенамандын баардык суроолоруна таасирдүү, таамай жооп берген, демек, бул көрүнүш чоң төкмөлүк чеберчиликтин жана бийик акыл-ойдун күбөсү боло алат».

4. Эске тутуу жөндөмдүүлүгү. Бул ар кандай чыгармада, айрыкча айтыш өнөрүндө каршылашынын аргументтерин, айткандарын, койгон суроолорун эске сактап калып, өз жообунда пайдалануу дегендик. Мында мнемотехникалык каражаттар пайдаланып, эс-акылда ар бир аргумент ирети менен сакталат да, речте алар ирети менен пайдаланылат. (Тилекке каршы, азыркы акындардын айтышында ушул сапаттар жетишпейт). Ошол айтыштагы Эсенмандын да суроолору, не Жеңижоктун жообу бул талаптарга толугу менен жооп берет. Ар бири өзүнүн айткандарын кургак сөздөр (голословность) катары калтырбай зарыл аргументтер менен далилдөө, бекемдөө Жеңижоктун жалпы чыгармачылыгына (Эсенманга да) мүнөздүү көрүнүш.

5. Камдаган сөздү айтууда үндүн, кыймыл, жесттердин абалы, сөзгө ылайык келиши оратордук абалга, предметке ылайык речи. Муну Аристотель эң негизги белги катары карап, «искусство произнесение» деп атайт. Талаш жок, талданып жаткан айтышта Жеңижоктун айткандары, сөз менен оюн жеткирүүдөгү психолингвистикалык жөндөмү, үнүн, жест-кыймылын башкаруусу, комуз күүсүн ошого ылайыкташы, бул бешинчи талапка да жооп берет.

Принцибинде, айтыш өнөрүнүн өзү чечендик өнөрдөн турганы, чечен болбой туруп (оратор) айтышка чыгуу мүмкүн эмес экендиги далилдерди талап кылбаган нерсе. Чечендик жөндөм ошол Эсенамандын ырында да кашкайып көрүнүп турат. Мындай өнөр анын Чоңду менен болгон айтышында даана баралына жеткенин көрүүгө болот. Эсенаман өзү эскерткендей, «Эсенаман эски атым, элден тааныган кески атым» дегендей эле бар окшойт. Анын төкмөлүк өнөр менен айткан саптарынан оозеки адабияттын салтын даана жолуктурууга болот. Фольклордогу «Талым кыз менен Көбөктүн айтышы», «Байдын кызы менен жардынын кызы», «Күйөө менен колукту», «Жигит менен кыз», «Эркек бала менен кыз бала» айтыштардан баштап акындар айтышындагы «Бука ырчынын Айгандын баласынын өлгөндүгүн угузганы», «Балык менен Айтикенин айтышы», «Жөжө менен Калдыбайдын айтышы», «Байгобул менен Чата кыздын айтышы», «Чоңду менен Арстанбектин айтышы», «Назар менен Солтобайдын айтышы», «Жеңижок менен Барпынын айтышы», «Токтогул менен Эшмамбеттин айтышы», «Калмырза менен Найманбайдын айтышы», «Үмөтаалы менен Эшмамбеттин айтышы», «Молдо Багыш менен Жамбылдын айтышы», «Жеңижок менен Нурмолдонун айтышы» сыяктуу классикалык үлгүдөгү айтыштардын баарында чечендик өнөрдүн жогоруда айтылган талаптары аткарылган. Чечендик өнөрсүз айтыш өнөрү, дегеле акындык өнөр баралына жетпей калышы толук ыктымал.


Али Турдугулов, филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер