Курманкул Зулушев аброю менен кызматтан кетти
Төрт жылга жакын башкы прокурор болуп отурган Курманкул Зулушевдин кызматтан кетиши коомчулукта чоң талкууга “жем” таштады. Өзгөчө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев үзөңгүлөшүн Фейсбукка колдоп пост жазып, соцтармакты дүрбөтүп эле салгандай кылды. Мындай шартта Зулушевди огобетер жактагандар арбып, даңазалап жибергенге чейин жетишти. Бул өзүнчө бир саясый акция сыңарындай элес жаратты. Ошого катар экс-башкы прокурорду каралагандар, каршылык көрсөтө сөз жазгандар да чыгып атышты. Фейктер эргүүгө өтүшүп, адаттагыдай. Дал ушул көрүнүш бийлик ичиндеги эки ача жолду, тымызын тирешкен саясый оюнду билдирбейби? Анын кызматтан кетиши менен Акүй-Көкүйгө жарака салындыбы? Айтор, келечекке карай чечмелей турган себептер бар окшойт. Эмнеси болсо да, Курманкул мырзанын кандай иштегенине мезгил баасын берет. А эң башкысы, ал аброю менен кызматтан кетти...
"Азия Ньюс" гезити