Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арак ичип отуруп, улгайган аялды бычактаган

Арак ичип отуруп, улгайган аялды бычактаган

21-ноябрь, 10:00
856 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Арак ичип отуруп, өгөй энесин мыкаачылык менен өлтүргөн 51 жаштагы киши 15 жылга эркинен ажыратылды. 

Каргаша Ош облусунда болгон. Күнөөкөр ошол күнү өгөй энесинин үйүнө мас болуп келген. Ал жактан бир келин жана энеси болуп үчөө арак ичкен. Өгөй энесиникине мейман болуп келген эркек жашы өтүп калган байбичени бир нече жолу бычак менен сайып жиберген. Кемпир окуя болгон жерде эле көз жумган.

Териштирүү маалында соттолуучу каргаша кандайча болуп кеткенин билбей калгандыгын айткан.

Күнөөсүн толук мойнуна алган эркек мындайча көрсөтмө берген: "Үчөөбүз арак ичип отурганбыз, кандайча бычакты алып сайып жибергенимди билбейм. Күнөөмдү мойнума алам, төрт балам бар, жеңил жаза берүүңүздөрдү өтүнөм. Каза болгон аял менин өгөй энем болчу, аны менен буга чейин урушуп-талашкан эмесмин", — деген.

Күнөөкөр кишинин бир жарым ай мурун өзүнүн келинчеги каза болуп калып, төрт баласын бакчу.

Улгайган байбичени өлтүргөн эркекти сот 15 жылга эркинен ажыратты.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер