Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан КАЗАКБАЕВ, ЖК депутаты: “ТИМ шайлоого даярдыкты азыртан баштаганы жөндүү”

Руслан КАЗАКБАЕВ, ЖК депутаты: “ТИМ шайлоого даярдыкты азыртан баштаганы жөндүү”

06-декабрь, 13:53
448 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Руслан Айтбаевич, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Бул жолу чет жерде жүргөн миңдеген жарандарыбыздын шайлоого катышуусу кандай болот? Алар өздөрүнүн жарандык укуктарын пайдалана алышабы, же буга чейин боло келгендей, көбү бул өнөктүктөн сыртта калышабы?

-- Эми президенттик шайлоодо да, парламенттик шайлоодо да сыртта жүргөн эмгек мигранттарыбыз өздөрүнүн добуш берүү укугун колдонбой калышы жылдан-жылга, шайлоодон-шайлоого айтылып келатат. Алардын биздин элчиликтерде, консулдук пункттарда гана добуш берүүсүнө уруксат берилип атпайбы. Эл аралык укукка ылайык, элчиликтер менен консулдуктардын имараты Кыргызстандын аймагы болуп саналат да. Ошон үчүн көп мамлекеттерде уруксат берилип жатат.  Бирок, бул аздык кылат. Россияда болжол менен 500-700 миң, Казакстанда 150-200 миң жараныбыз жүрөт. Ошондуктан, жарандык активисттер, саясатчылар, кыргыз мигранттары көп жашаган шаарларда дагы шайлоо участогун ачуу боюнча маселени көтөрүп жатышат. Буга аракет кылып көрсө болот. Бул үчүн ошол мамлекеттердин бийлигинин уруксаты керек. Ошондуктан, миграция комитети, тышкы иштер министрлиги азыртан эле иштей баштоого тийиш. 

-- Бул ишти элчиликке эле жүктөп койгон туура болобу? Башка багыттар боюнча да иштеш керек го?

-- Сөзсүз да. Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, тышкы иштер министри өзүнүн расмий кездешүүлөрүндө ушул маселени көтөрсө болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер