Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мен сага жазбайм, издебейм дагы, баары бүттү...

Мен сага жазбайм, издебейм дагы, баары бүттү...

13-ноябрь, 12:00
1 359 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сага көнүп алыптырмын. Эмнегедир түбөлүк бирге болчудай таза сезимде элем. Жандилим менен сага ишенип, берилгенимчи? Менин байкуш махабатым!

Сен мени таштап кеткенде кар алдында үшүп калган гүлдөй эле болдум. Соолудум. Ыйладым. Бир аз күндөй жашоо токтоп калгандай эле.

Келечегиме чоң кыялдарды түзүп алыптырмын. Жаркыган турмушту, бактылуу үй-бүлөнү элестетипмин. Жаңы тапкан сулууң менчелик кадырыңа кайдан жетсин?! 

Бүткүл өмүрүмдү арнап, сени бактылуу кылууга даяр элем. Ал бакытты өз колуң менен быркыратып сындырдың. Ооба, телефонуңдун жашылы жанып турат. Мыйыгыңан жылмайып, балким жалдырап мени жазарымды ойлогондурсуң. Жаңылышасың, сууган сезим эч качан кайра жылыбайт. Мен сага жазбайм, издебейм дагы. Ортобуздагы бакыт, бактылуу күндөр баары бүттү. Эми баарына кеч...


Аэлита 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер