Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анарбек Алыбаев: “Мектептеги окутуу процессинде окуучунун күндөлүгү жана класстык журнал болушу абзел”

Анарбек Алыбаев: “Мектептеги окутуу процессинде окуучунун күндөлүгү жана класстык журнал болушу абзел”

02-июнь, 17:00
356 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин математика жана информатика факультетинин мугалими, физика-математика илиминин доктору, доцент Анарбек Алыбаев мырза менен тар чөйрөдө жолугуп калдык. Эски тааныштай ал-жайды сурап, неберелерибиздин чоңоюп атканын айтып кеп кылдык.

-- Анарбек мырза, неберелер демекчи, алар менен мамиле өтө жакын болсо керек?

-- Санариптештирүү саясаты өлкөбүздүн баардык тармактарын жаңыча иштөөгө дуушар кылууда. Бул жакшы демилге, анткени, маалыматтык технологиялар бүт дүйнө жүзүндө кучагын кеңири жайып жаткан кезде биздин сыртта калганыбыз жарабайт. Кечээ күнү сиз айтып аткан мектепте окуган неберелеримдин үй тапшырмаларын кантип аткарып атканын текшерейин деп күндөлүктөрүн сурасам, “бизде күндөлүк жок” дешти. “Үй тапшырмаларын кайдан аласыңар?” десем, “аларды мамабыздын соткасынан алабыз” дейт. “А мамаңар кайда?” десем, “тойго кеткен” дешти. Бул эмне деген шумдук?! Күндөлүк деген сөзсүз болуш керек эле да. Чыдабай кетип неберелерим окуган мектепке бардым. Ал жерден “класстык журналыңарды көрсөткүлө” десем, “аны жоюп салганбыз, баардыгы электрондук түрдө жүргүзүлүп калган” дегенде чалкаман кеттим.

-- Негизинде, сиздин оюңуз боюнча окуучунун күндөлүгү менен класстык журнал болушу керекпи же санарип заманында болбошу керекпи?

-- Мектептеги окутуу процессинде окуучунун күндөлүгү жана класстык журнал болушу абзел. Ал эми санарип заманында электрондук варианттары кошумча маалыматтар катары колдонула берсин. Мектептеги негизги максаттар катары окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу биринчи орунда туруусу керек. Санариптештирүүнү мына ушул жакка колдонсок, сөзсүз түрдө билим берүүнүн сапаты жогорулайт.  


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер