Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 34 миң бала бар
Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 34 миң бала бар
22-декабрь, 12:07

Кыргызстанда 200 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар, анын 34 миңи балдар. Бул тууралуу социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.
Парламенттин 21-декабрдагы жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев кымбатчылык маалда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүү керектигин айтып, баса албагандарына коляска, протезди бекер берүүнү сунуштады.
Базарбаевдин айтымында, коляска тендер менен чет өлкөдөн сатып алынат жана жарандарга 5 жылда бир жолу бекер берилет. Ал эми протез Кыргызстандагы заводдон чыгарылат.
Бүгүнкү күндө өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды караган 10 миң 200 жардамчы бар.
"Азия Ньюс" гезити