Бүалима Назаркулова, психотерапевт: “Стресс, депрессия өлүмгө жетелесе, андан айыгуунун жолдору бар”

Оорунун түрү көбөйүп, көп адамдар ден соолугунун азабын тартышууда. Кайсы дарыгерге кайрылба, илдеттин күч алышына стресс себеп болгонун айтышат. Мына ушундай суроолорго жооп алуу максатында 45 жылдык тажрыйбасы бар, көп адамды дарылап, алкышын уккан Бүалима Назаркулованы кепке тарттык.
-- Бүалима айым, эмнеге акыркы мезгилде көп илдеттин өрчүшүнө стресс себеп болуп калды?
-- Адам стресске кабылганда көп илдеттин өрчүшүнө шарт түзүлөт. Ошондой эле “менин дартым кооптуу окшойт” деген санаркоо, дүрбөлөңгө түшүү дагы оорунун күч алышына себеп болот. Мээде, жандүйнөдө тынчтык орун албаса, адам көп дартка кабылат. Ошон үчүн кары-жаш дебей баарыбыз сабырдуу болууга аракет кылышыбыз керек.
Жаш кезде бизди окуткан профессор “бир убакта депрессия эң алдыңкы сапка чыгып калат, психотерапияны окугула” десе, “эл эмнеге депрессия болмок эле” деп таңгалчубуз. Азыр ошол профессордун айтканы келди. Биринчи орунда жүрөк кан тамырлар оорусу турса, депрессия экинчи баскычка чыкты. Себеби, союз тарап, эл эмне кыларын, кантип күн көрөрүн, кантип бала-чакасын багарын билбей калган мезгилде жалпы эл стресске кабылды. Ошол жагдай көп адамдардын ички дүйнөсүн жабыркатты.
Турмуш эпке келип, эл абалдан чыгып калганда пандемия болду. Тойду кой, туугандар менен жолугууга да зарлаган күндөрдү баштан кечирдик. “Ал ооруп жатыптыр. Бул каза болуптур. Ковид катаал вирус экен. Мутантка айланып кетиптир” деген маалыматтын баары көп адамга сокку урду. Кыргыздын аттуу-баштуу инсандарынын каза болгону дагы бүтүндөй мамлекетти стресске алып келди. Акчасы барлар, телегейи тегиздер каза таап жатышса, “мен аман каламбы?” деген ой ар бир адамдын жүрөгүн өйүдү. Жагдай жакшырганы менен азыр биз ошол ковиддин кесепеттерин дарылап жатабыз. Агезде ооруган адамдарга дары, ачка калгандарга тамак-аш ташып жүргөн жаш балдар да стресс алды. Стресс жогоруда айткандай, көп илдеттин күч алышына шарт түздү.
Америкага же чет жакка барып иштеп, ийгиликке жеткендер деле стресске кабылышат. Башында баары алар ойлогондой болбойт. Мага чет жерде өз ордун тапканча кыйналып, стресске кабылгандар көп кайрылат.
-- Психолог, психотерапевт, психиатрдын кимиси менен сүйлөшсөң да, баары ар бир оору адамдын аң сезимине, кабылдоосуна байланыштуу экенин айтышат. Нервди бузбай сактоонун жолу барбы?
-- Бар. Ал – сабырдуулук. Маселен, адамдын коркуу сезими өрчүп турган чакта “ооруп жатат окшойм” же “кыйналып калбаймынбы?” деп күмөн санап дүрбөлөңгө түшпөстөн, "менин деним сак, оорубайм" деген ишенимди жаратыш керек. Анткени, көпчүлүк оору жандүйнөнүн абалынан улам жаралат. Ичибиздеги таарыныч, стресс, ачуулануу, кайгыруу сыяктуу тынчсызданган факторлор ден соолугубузга терс таасирин тийгизет. Адамдын психикасы көйгөйлөр менен күрөшө албай калганда негатив ойлордун баары аң-сезимге чогула берет да, организм көтөрө албай калат. Башкалардан жашырып, керек болсо өзүбүз моюндабаган маселелер топтолуп отуруп, кайсы бир сыркоону жаратат. Тагыраагы, адамдагы оорулардын 70 пайызы негативдүү эмоциялардан келип чыгат.
Үй-бүлөдөгү чыр-чатак, жумуштагы көйгөйлөр же калыптанган оор мүнөз, жүрүм-турум, керек болсо кубанычтуу окуялар да стресске кабылтат. Эгерде психика бекем сакталса, адам өзгөрүлүп жаткан шарттарга тез көнүп, кайгыга батып кетүүдөн алыс болот. Психикасы начар адамдар көйгөйлөрдү чечүүгө күч жумшабастан, ичинен эле тынчсыздана беришет. Жыйынтыгында организм өзүн-өзү жөнгө сала албай, оор илдетке кабылат. Ошон үчүн ар бирибиз уруштун сөзүн сүйлөбөй, жагдайды жакшыртканга аракет кылышыбыз керек.
Мен жумуштан кийин коомдук транспортко түшкөндө ызырынган, ар бир нерсеге туталанган адамдарды көп көрөм. Меники туура болуп турса да, алар менен сөз талашпайм. Тескерисинче, “кечирип коюңуз, бул жакка өтүп алыңыз” деп кырдаалды курчутпаганга аракет кылам. Себеби, “бутумду басып алдыңыз” десең, “акчаң болсо, таксиге түш да, коомдук транспортко жармашпай” деп ызырынышат. Ошон үчүн кимисине болбосун “кечирип коюңуз” деп коём. Кечинде көчөдө баскандан да кооптоном. Анткени, психолог болгон үчүн акыл-эси жайында эмес адамдарды алыстан байкайм.
-- Психикасы жайында эмес адамдар жан багуу үчүн кайыр сурашат. Бирок, жөн эле отура бербей, оозго алгыс уят сөздөрдү да айткандары бар. Өздөрүн көзөмөлдөн чыгарган учурда алар кайда кайрылышы керек?
-- Мурун “тез жардам” чакырсаң андай адамдарды психологиялык-неврологиялык ооруканаларга жаткырчу. Азыр аларды эч бир жер кабыл албайт. Мамлекет мына ушуга окшогондорду да эске алып, алардын дарыланышына шарт түзбөсө, илдети курчуганда өздөрүн жоготуп, эмне жасаганын билбей калышат. Андай адамдар коомго кооптуу жагдай жаратат. Коомдо психикасы бузулган адамдардын көбөйгөнүнөн улам, акылга сыйбаган иштерди жасап, зомбулукка жол берип жатышат. Жүрөк үшүн алган окуялардын алдын алуу үчүн, андай адамдарды дарылатыш керек. Ошондой эле психологго, психотерапевтке тартынбай кайрылуу зарыл. Себеби, кыжалат болуп, ызага бууккан адам аталган адистерге кайрылып, учурунда жардам алса, сакайып кетүүгө негиз бар.
-- Ызырынган, сөгүнгөн адамдардын да психикасы бузулган болобу же ал анын кыялыбы?
-- Кыял деле ата-энеден балага өтөт. Бирок, “атасынын же апасынын эле кыялын тартыптыр” деп маани бербей койбош керек. Учурунда тийешелүү адистерге көрүнүп, илдеттен сакаюунун аракетин көрбөсө, ал кыял кооптуу психикалык илдетке кабылтып коюшу ыктымал.
Эч кимге жакшылык каалабаган, эч бир адамдын ийгилигин көрө албаган, үй-бүлөсүнө тынчтык бербеген, жамандыктан башканы ойлонбогон адамдардын көбү инсульт же инфаркт алышат экен. Ошон үчүн пейилди кең коюп, жашоону жаркыратып жашаш керек. Ар бир нерседен эле кыйкым издеп, өзүңдүн да, башканын дагы нервин коротпой, адамдар бири-бирин аяп жашаганды адат кылышы шарт. Керек болсо, адам ооруп калганда дарыгердин салттуу дарылоосу менен катар оорунун психологиялык себептерин жеңиш үчүн психотерапевт, невропатолог, психиатрга да кайрылыш керек. Оорунун келип чыгышына себепчи психикалык абалын калыпка салмайын эч кандай ооруну түп-тамыры менен айыктырууга мүмкүн эмес.
-- Акылдан адашып, эс-тутуму начарлап бараткандарга жардам берсе болобу?
-- Инсульттан кийин же өзү эле акыл-эси начарлап бараткандарды да дарыласа болот. Уйкусуздук башталган учурда кайрылбаса, кийин эч нерсе жардам бербей калышы да ыктымал. Ошондуктан, кандай илдетке кабылбагыла, учурунда дарыгерге кайрылуу зарыл.
-- Стресс абалда узак убакытта жүрө берсе эмне болот?
-- Эгерде адам узак убакыт стресстик абалда жүрсө, адегенде ал баарына тынчсыздана бергенди адат кылып алат. Убакыттын өтүшү менен бул абал депрессияга айланып кетет. Себеби, денедеги коргоочу механизмдер түгөнүп, ошол эле учурда иммунитет төмөндөйт. Бул учурда адам суук тийгенде да ооруй турган болуп, организм алсызданып калат. Муну психосоматикалык оору деп атоого болбойт, бирок стресстин таасири астында иммунитет төмөндөп, адам вирустук инфекцияларга көбүрөөк чалдыга турган болуп калат. Ар бирибиз көп нерсе психикалык маанайдан көз каранды экенин түшүнүшүбүз керек.
Оору – бул алдыга жылуудан баш тартуу. Андыктан, психикалык абалыбызды жөнгө салып, кеселден оолак болууга ар бирибиз аракет кылганыбыз оң. Тагыраагы, туура ойлонуп, жакшы сезимдерди өрчүтүп, жаман туюмдар менен күрөшүп, көптөгөн жагымсыздыктан арыла алабыз. Терс эмоциялар кан басымдын жогорулашына, жүрөктүн тез кагышына алып келет. Ар бир адам, мисалы, коркуу же ачуунун фонунда инфаркт жана инсульт алып калышы ыктымал. Ошон үчүн ар бир адам башканын да, өзүнүн да нервин сакташы керек.
-- Башы ооруп, жаны жай албай кыйналгандын баары эле неврологго бара берет го, ошол туурабы?
-- Терапевт сени “невропатолгго бар” дейт. Ноокасты невропатолог өзүнүн дарысын берип дарылайт, бирок жылыш көрбөйт. Себеби, психотерапевтти врачтар дагы жакшы түшүнбөй, “невропатологго бар” дешет. Көрүнгөн жерден текшерилип, акыры бизге келет. Анда дарыланар акчасы түгөнүп, орто жолдо калышат. Менчик клиникалар бейтаптын акчасын алып калууну көздөбөй, диагноз коё албаса, башкаларга жөнөтүшү керек.
-- “Жашоого тойдум” дегендерге да үмүт берип, турмушун башка нукка бурууга болобу?
-- Бизге кайрылгандардын көбү жанын жай алдыра албай, кайгыга баткан адамдар. Аларды жакшы сөз, жылуу мамиле менен да дарылайбыз. Бир окуя эсиме түштү. Ошону айтып берейин.
Бир үй-бүлө үч баласы менен Бишкекке келатып, катуу аварияга кабылат. Беш адамдын ичинен 16 жаштагы улуу кызы гана оор жаракат алып, аман калат. Балдак менен араң басып, ата-энеси, бир туугандарынан айрылып, жашоодон түңүлүп, “өлөм” деп турган мезгилде ошол кызды дарыладым. Ыйлайт, сооротом. Жакшы сөз айтып, жашоосуна үмүт берем. Эки жолу келип дарыланды. Ошентип, беш жыл өткөндөн кийин бир келин колуна бала көтөрүп, кичинекей кызды жетелеп кабинетке кирип келди. “Сен бизде учётто турасыңбы? Же кезегиң келип калдыбы?” деп кайрылдым. “Эже, мени тааныбай жатасызбы? Мен сизге рахмат айтып, кубанычымды бөлүшкөнү келдим. Мен өлүү үчүн канча аракет кылсам да, сиз дарылап, аман алып калгансыз. Жакшы жерге турмушка чыктым. Кайнене, кайнатамды өз ата-энемдей кабыл алдым. Эки балалуу болдум. Жолдошум да жакшы адам” деди. Ата-энеси каза таап, тагдырдын оор сыноосуна тушукса да, жакшы адамдардын үй-бүлөсүнө мүчө болгонуна, учугу уланганына чын дилимден сүйүндүм. Экөөбүз бир сааттай сүйлөшүп, бакыт каалап узаттым. Өлүмдөн башканы ойлобой калган адамдын жашоосу жакшы нукка бурулганына кубандым... Бир үй-бүлөнөн учугу уланганына сүйүндүм...
"Азия Ньюс" гезити