Депутат Тазабек Икрамов маданият министрин жаш баладай демитти


Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Тазабек Икрамов КР маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловдун келбетине сын айтып, демитти.
Тазабек Икрамов министрди карап: "Жасанып, таранып келгениңиз эле болбосо, оозуңузга талкан салып алгандай болуп, бир маселе көтөрбөйсүз. Жазуучулар союзунун маселесин чечели деп айтпайсыз. Алып барган ишиңиз боюнча маалымат берип кетсеңиз", - деди демитип.
Азамат Жамангулов атасынан тил уккан жаш баладай эле маданият тармагында бардык багыттар боюнча иштер жүрүп жатканын депутаттарга отчет берди. Ал: "Жазуучулар союзу менен үч-төрт жолу жолугуп, маселесин уктук. Китептерди чыгаруу, каржылоо боюнча маселелери бар. Өкмөттө да бул маселени талкуулаганбыз. Жакынкы арада бардык союздарга акча бөлүнөт. Ушунун алкагында бул маселе чечилет деп ойлойм", - деди Жамангулов.
Aryba.kg