Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайкелең Илим Карыпбеков Өзбекстандын камчысын чаап жатабы?

Шайкелең Илим Карыпбеков Өзбекстандын камчысын чаап жатабы?

22-октябрь, 12:00
494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Фейктердин деңгээлиндеги Илим Карыпбеков деген бар. Өзүн өзү көтөрмөлөп, маселени билсе-билбесе деле “менден суранып жатышат” деп пикирин айтып, көрүнгөн жерге мурдун тыгып жүрөт. КТРКны “кара үкөк” кылып өз билгенин жасап, фашизмди реклама кылып, Чынар Капарова менен Нурдин Мотуевди мыйзамсыз иштен кетирип, соттон утулуп, көңүлдөшү менен болгон окуялары соцжеледе талкуу болуп, түнү жортуп жүрүп “сырдуу” аварияга туш болуп, ызы-чуу менен жүргөн Илим Карыпбеков эми Кемпир-Абад боюнча элге акыл айтып, “жаңы маалыматтарды” алып чыкты. Анын айтуусу боюнча Кемпир-Абад башынан эле Өзбекстанга таандык экен, 1965-жылы эле аларга өтүптүр. Суроо туулат: анда эмне үчүн 57 жылдан кийин Өзбекстан өзүнүн жерин Кыргызстандан сурап жатат? Же кыргыздар 57 жылдан кийин ойгонуп жатабы? Же Илим Карыпбеков Өзбекстан берген маалыматтарды айтып, ошолордун сөзүн сүйлөп, ошолордун камчысын чаап жатабы? 9 кыргыз айылы Өзбекстандын жеринде жайгашкан болсо, эмне үчүн Өзбекстан “оозун ачып”, аларды талашпай отурат? Ал мындай “так” маалыматтарды кайдан алган? Илим Карыпбеков Кыргызстандын тарыхы боюнча сабатсыз экенин парламентте депутат Мурадыл Мадеминов берген суроолорго жооп бере албай, алтургай “Абдыкадыр Орозбековду билбейм” деп бети кызарбай туруп берген. А.Орозбековду, Ж.Абдрахмановду билбеген киши өзүнүн ата-жотосун деле билбейт болуш керек... Анан ошондой киши эми “урматтуу кыргызстандыктар!” деп кайсы арына кайрылып жатат? “Чырпык өзүн тал ойлойт” деген ушул эмеспи?  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер