Эски өкмөттүн катачылыгын Равшан Сабиров кайталайбы?
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Р.А.Сабировго
Кайрылуу
Урматтуу Равшан Азатович! Сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө: Кыргыз өкмөтү 2017-жылдан бери жерди инвентаризациялап, акыркы бир жарым жылдан бери бүтүрө албай келишет. Бул көрүнүшкө жалпы Чүй эли нааразы болууда. Себеби, сиздердин жооптуу кызматкерлериңиздер көңүл коштук кылып иштөөдө. Биз бир канча жолу сиздердин кызматкерлер менен сүйлөшкөнүбүздө, “бир айдан кийин кол коюлат” деп алдап келүүдө. Андан бери бир жылдан ашты, жыйынтык жок. Биз сиздерден так жоопту күтөбүз!
Мындан ары да кашаң жүрүш улана берсе, калың катмардын нааразычылыгы күчөй берет. Ансыз да шайлоонун алдында элдин маанайы жакшы эмес. Качанкыга чейин чала жан болуп отура бересиңер?..
"Азия Ньюс" гезити