Белек Солтоноев – Ала-Тоодогу Манас таануунун алгачкы карлыгачы
Белек Солтоноев – кыргыздын тунгуч профессионал тарыхчысы. Ал өзүнүн «Кызыл кыргыз тарыхы» аттуу уникалдуу эмгегин өз демилгеси менен 1895-жылдан жазып баштап, 1934-жылы аяктаган. Ондогон-жүздөгөн тарыхый булактарды үйрөнүп, кыргыздын жаралуу доорунан тартып, 1916-жылдагы тарыхына чейинки баскан жолун 40 жыл бою изилдеп жазган чыгаан тарыхчынын эрдиги бааланмак түгүл, тескерисинче, “эл душманы” атыгып, караланып, 1938-жылы атылып кеткен. Кандай гана адилетсиздик, кандай гана армандуу тагдыр! Ошол мезгилден тарта «Кызыл кыргыз тарыхы» тунгуюкта кала берип, 1993-жылы гана жарык көргөн. «Кызыл кыргыз тарыхынан» «Манас» эпосу Белек Солтоноевдин эң сүйүктүү чыгармасы болгондугу байкалат. Тарыхчынын «Манас» эпосу, анын келип чыгыш тарыхы, Манас баатырдын теги, Манас деген этнонимдин жана топонимдердин мааниси, тарых-таржымалы жөнүндө тынымсыз ойлонуп жана бул боюнча далай тарыхтарды аңтарып, баш катырып убаралангандыгы көрүнүп турат.
Биз үчүн бүгүн илгерки Акылбек, Дыйканбай, Тыныбек сыяктуу чоң манасчылар өзүнчө эле бир легенда. Аттарын гана билебиз, затын билбейбиз. Ал эми Белек Солтоноев болсо, дал ошондой классикалык манасчылар менен аралашып жашаган. Эми Белек Солтоноевдин өзүнө сөз берели: «Манасты ырдаган ырчылардан көргөнүм 1888-жылында Ормон уулу уругунун айылында саруу кыргызы Алаш деген киши. 1889-жылында Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр деген туура суусунун башында саяк кыргызынын чоңчарык уругунан Кыштообай Медер уулу. 1890-жылында кышында Балыкты деген жерде Сагымбай Орозбак уулу. 1896-жылы май айында Пишпек шаарында болгон сыязда Найманбай Балык уулу. Ошол жылы июль айында бүткүл Каракол, Пишпек, Нарын кыргыздары Көтмалдыда топ кылып, бугу кыргызынын тынымсейит уругунан атактуу Тыныбектин беш-алты күн ырдаганын уктум. 1898-жылы көктөмдө Чоң-Кеминде Алагуш Мырзаалы уулунун үйүндө бугу кыргызынын алдаяр уругу Дыйканбайдын ырдаганын уктум (Манасты эки-үч күн ырдап, анан көбүнчө Семетейди айтты). 1901-жылы көктөмгө жакын Ысык-Көлдө Калмак-Ашуунун оозунда Байымбет Боронбай уулунун үйүндө бугу кыргызынан Акылбектин ырдаганын төрт-беш күн уктум. 1908-жылы Кочкордо Сагымбай Орозбак уулунун көктөмдө эки мертебе ырдаганын уктум». (Солтоноев Б., “Кызыл кыргыз тарыхы”. Бишкек, 2017, 371-372-беттер). Мына ушинтип, Белек Солтоноевге улуу эпосту легендарлуу манасчылардан өзүнүн «түп нускасында» угуу бактысы туш келген. Тарыхчы эпосту угуп гана жөн болбостон, өзүнүн изилдөөчүлүк максаттуулугун көрсөтүп, түрдүү жомокчулардын түрдүү оозеки варианттарын өз бетинче иргеп, талдап, салыштырып отуруп, баардык ырчылардын манас айтуусуна орток келген негизги сюжеттик өзөктү жана анын ыраатын аныктап чыккан. Баардык манасчыларга мүнөздүү сюжеттик-тематикалык уңгуну Б.Солтоноев мындайча жазып тизмелеген:
«1. Манастын туулганы.
2. Манас туулган соң Алтайдан Таласка көчө келгени. Кээ бир ырчылар Манас Таласта туулган дешет.
3. Кырк чорону жыйганы.
4. Каныкейди алганы.
5. Көзкамандын (жакын тууганы) Манасты өлтүрмөкчү аракети.
6. Алмамбеттин келгени.
7. Чүрчүт, Олок, Кызылбаш, Ооган менен согушу.
8. Кыз Сайкал (нойгут) менен согушу.
9. Көкөтөйдүн ашы.
10. Чоң чабуул.
11. Бейжинден жаралуу болуп келип өлгөнү.
12. Каныкейдин Манаска күмбөз салдырганы». (Солтоноев Б., “Кызыл кыргыз тарыхы”, 399-бет).
Эпостун окуялары ар кимден ар кандай угулуп, эпикалык сюжеттин башы, ортосу, аягы кайсы, ырааты кайсы экенин ар ким биле бербеген чакта Белек Солтоноевдин аныктаган «Манастагы» сюжеттик өзөк-канва жана анын кезектүү ырааты өз мезгили үчүн чоң жаңылык жана өзүнчө бир изилдөөчүлүк эрдик болгон. 1952-жылкы конференцияда «Манастын» баардык варианттарына орток башкы сюжеттик канваны табуу жөнүндө Мухтар Ауэзовдун көтөргөн идеясы ошондо жабыкта жаткан Б.Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхында» эбак эле ишке ашырылган экен.
«Тыныбектин Манас айтканын үч күн чамасында уктум. Күн баткандан таң атканга чейин айтканда, 200-300 киши уктабастан үйдө-тышта унчукпастан тегеректеп карап отурушканын көрдүм» деген сөзү аркылуу Б.Солтоноев «Манас» элдин эң сүйүктүү чыгармасы экендиги, элдин Манас рухуна кандай жол менен сугарылып, тарбияланары жөнүндөгү ойду туюнткан. Тарыхчы жылкычылардын «Манасты» театр кылып ойношкондугун көп жолу көргөндүгүн жазат.
Тыныбектин өң-келбети кандай болгондугу биз үчүн сыр жана бул манасчы алыста калган легенда. А бирок Белек Солтоноев бул улуу манасчынын келбетин кашкайта тартып, биздин алдыбызга алып келип койгон: “Ошондо болжолу 45-46 чамасында болуп, семиз, толук денелүү, өңү кызыл чийкил, бети толук, сакал-муруту кичирээк, күрөң болгон”. Бул уникалдуу портрет Белек Солтоноевдин кийинки муундар үчүн өтөгөн тарыхый кызматы дээр элек. Кадимки фото сыяктуу бул сөздөн бүткөн «документтен» Тыныбектин тышкы бейнесин сүрөткө тартсак болот.
«Тыныбектин «Манас», «Семетейди» үч күн чамасында уктум. «Манас», «Семетейди» үч күн айтып аягына чыгууга болобу?” деп эл сураганда, “эки айда бүткөнгө мүмкүн” деди. Мен Акылбек, Сагымбайды «Манасты» айткандарын нечен эшиттим, менин билүүмчө «Манастын» ууздай ынак тунугун Тыныбек айтса керек эле. Эл дагы ушул пикирде болгон. Бүткүл манасчыда Тыныбектин үнүндөй жоон жана уккулуктуу болбогон”. (Солтоноев Б., “Кызыл кыргыз тарыхы”, 401-б.)
Тарыхчы манастаануучу чоң жомокчулардын ичинен «Манастын» «ууздай ынак тунугун» айткан деп Тыныбекти өтө бийик баалаган. Кийинки изилдөөчүлөрдүн Сагымбайдын вариантынын көркөмдүк кооздугун баса белгилешкендиги маалым. Эгер Сагымбайдын Тыныбектин шакирти экендигин эске алсак, анда Сагымбай Орозбаковдун «Манасынын» көркөмдүүлүгү Тыныбектен өткөн белем деген ойго такалабыз.
Белек Солтоноев “Манас”, манасчылар жөнүндө белгисиз, кызыктуу маалыматтарга тушуктурат. Эл арасында Алаш, Кыштообай аттуу манасчылар болгондугун билип отурабыз. Манасты ырдабастан сүйлөп айткандар да бир экендигине да күбө болобуз.
Белек Солтоноев “XVIII кылымда Нооруз, Музооке манасчылар жашаган, XIX кылымда Келдибек, Балык, Айтыке, Тыныбек, XIX-XX кылымдардын чектеринде Акылбек, Дыйканбай, Сагымбай, ХХ кылымда Саякбай” деп манасчыларды доорлорго бөлүштүрүп, маалымдаганы да кызыктуу.
Тарыхчы илимпозубуз «Манас» деген сөздүн маани-маңызын түрдүү булактардан издейт. «Арабдын «Актар Кебир» деген (Большая энциклопедия) китебинин 280-бетинде Манас (Мынас) деген термин бар. Анын түркчө мааниси: калканч, күч-кубат, чеп деген сөз, арабдын «Мааннас» термини Манас болуп окулат. Мааннас – «адам бирлиги» деген сөз» деп жазып, ушул өңдүү түрдүү болжол ойлорду айтып, бирок Манас деген ат боюнча бир так пикирге токтогон эмес. Ошондой эле Манас баатырдын тек жайы, анын кайсы доордо чыккандыгы тууралуу түркүн божомолдорду айтып, бирок тарыхый жактан «доору мобу», «ата-теги бул» деп таккесе айтуу азырынча кыйын экенин билдирип, муну келечектин тарыхчылары аныктарына үмүттөнгөн.
IХ-Х кылымдарда Манчжуриядан келип, Орто Азияны басып алган кара кытайлардын Жолой (Елюй) деген жетекчиси болгон. Манастын биринчи жоосу Жолой, Коңурбай болгонуна караганда, Манас баатыр кара кытайлардын доорунда чыгышы мүмкүн деген гипотезаны да тарыхчы айтып өткөн.
Акыры «Кызыл кыргыз тарыхында» автор мындайча жыйынтыкка келген: «Менин токтомум. Биздин эрадан 210 жыл мурун кыргыз (Гиан Гун) мамлекети Гунь түрктөрүнөн жеңилип таралгандан баштап, биздин эранын ХI кылымынын башына жете эки ортодо могол-түрк тукумунан, көбүнчө кыргыз, казак, кыпчак, ууз, өзбек, татар-могол, сары ногойдон чыккан Манас деген баатыр болгондугуна, эгерде аты Манас болбосо, атагы болуп, Алтай менен Орто Азиянын биринен чыккан кыраан экендигине эч шек жок». (Солтоноев Б., “Кызыл кыргыз тарыхы”, 388-бет).
Корутундулап айтканда, «Кызыл кыргыз тарыхындагы» Белек Солтоноевдин «Манас» эпосу жөнүндөгү иликтөө-изилдөөсү Василий Радловдун XIX кылымдагы атактуу илимий «Кириш сөзүнөн» кийин ХХ кылымдын башында жаралган Кыргызстандагы биринчи «пионер» эмгек болуп саналат. Кыргыз манас таануусунун «төл башы» болгон бул тунгуч саамалыктын тарыхый мааниси төмөндөгүлөрдө деп ойлойбуз:
1. Белек Солтоноев «Манасты» калк тарыхынын негизинде жаралган эпос деп эсептегендигинде жана «Манас» деген этнонимдин, топонимдердин семантикасына «тинтүүр» салып, Манас баатырды тарыхый инсан катары кабылдап, анын ата-тегин, дегеле дастандын тарыхый генезисин издеп, өтүмүштүн түпкүрлөрүн аңтаргандыгында.
2. Ысымдары легендага айланган классикалык жомокчулардын «Манасын» оозеки түрдө угуп, салыштырып отуруп, эпостун баардык айтуучуларга орток негизги бабулалык өзөгүн, сюжеттик окуялардын ыраатын биринчи жолу аныктагандыгында.
3. Манасчылар жөнүндө уникалдуу маалыматтарды камтып тургандыгында.
4. «Манас» элдин эң сүйүктүү чыгармасы экендигин жана элдин Манастын руханиятына кандайча тарбиялана тургандыгын мисалдар менен көрсөткөндүгүндө.
Белек Солтоноев – Ала-Тоодогу Манас таануунун алгачкы карлыгачы.
Советбек Байгазиев
"Азия Ньюс" гезити