Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Джо Байден: “Ооганстандагы операциялар 31-августка чейин аяктайт”

Джо Байден: “Ооганстандагы операциялар 31-августка чейин аяктайт”

25-август, 20:01
1 341 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШ Ооганстандагы аскерлеринин бардык операцияларын, анын ичинде чет элдиктер менен кээ бир оогандыктарды эвакуациялоону 31-августка чейин толук аяктоону көздөйт. Бирок бул мөөнөттө операцияларды аяктоого жетишип, үлгүрүү талибдерден көз каранды экенин АКШ президенти шейшемби күнү Акүйдө билдирди. Андан мурун Джо Байден “Чоң жетинин” лидерлери менен бул маселени талкуулаган. АКШ президенти америкалык аскерлердин Ооганстандан кетишине байланыштуу күтүүсүз жагдайлардын алдын алуу планын иштеп чыгууну тапшырганын айтты.

“Биз ал жакта канчалык узакка калсак, ошончолук террордук чабуулдарды жасоо тобокелдиги жогору болот” деп белгиледи Байден.

Ошентип, Ооганстандан эл аралык күчтөрдүн чыгып кетүү мөөнөтү мурда бекитилген боюнча 31-август бойдон калды. Ага чейин Кабул аэропортунда турган чет элдик жарандарды, дипломаттарды, айрым ооган жарандарын жана аскерлерди чыгарып кетүүгө үлгүрүү үчүн бекитилген мөөнөттү артка жылдыруу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок Пентагон бекитилген мөөнөттү узартпоону сунуштап, анткени Кабул аэропортунда турган аскерлердин коопсуздугуна кепилдик жок экенин билдирген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер