Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Байлыгынын бир бөлүгүн алдырса да Мырзакматов жасакерленгенин койбоду

Байлыгынын бир бөлүгүн алдырса да Мырзакматов жасакерленгенин койбоду

28-январь, 21:14
1 584 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Колоктоп бош жүргөн Мелис Мырзакматов анда-санда маек берип, “мен бармын, унутпагыла” дегендей ишарат жасап, өзүн эскертип, пиар кылмай адаты көндүмгө айлангандай. Же ага бирөө көңүл бурсачы? Жасалма сүйлөп, эки доско жасакерленгендей ар нерсени божурайт. Маанисиз. Айтмакчы, буга чейин Мелис Мырзакматов базарын, жерин алдырып, мыйзамсыз жеткен байлыктарынын бир бөлүгүнөн ажыраганы маалымдалган. Башка адам болсо уялып, эл астында маек берүүдөн тартынмак да. Бул болсо беттырмарлыкка салып, өзүн чоң саясатчыдай көрсөтүп, бийик сүйлөмүш эткенин карабайсыңарбы? Ушундай калпыстыктарынын айынан бийликке жек көрүнүп, он жылдан ашык убакыттан бери кызматка жетпей, же депутаттыкка өтө албай, четке сүрүлгөн абалында келатат. Кимдин-ким экенин убакыт ушинтип эле таразалап коёт тура.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер