Сиз менен кең келечекке карай терең түшүнүшүү ниетим бар...

(ЖК депутаты Миргүл Темирбаевага!)
Соңку убакта гезитке маек берип, Жогорку Кеңештен сүйлөй баштаганыңызды байкап, сөздөрүңүзгө маани берип, азыноолак талдаганга да үлгүрдүм. Келечекте салмактуу саясатчы болчудайсыз. Эң башкысы, кошоматчылыктан кыйгап өтүп, калыс сөзүңүздү айтып, адилеттүүлүктү кармансаңыз, Баткенден чыккан байсалдуу аялзаты катары тарыхта каласыз. Мен буга бөркүмдөй ишенип турам. Негизинен маалымат менен иштегениңиз жетишсиздей сезилет. Сизге ушул жагынан жардам берүү ниетим бар. Бир күнү жолугушуп, кенен маектешсек э? Албетте, бул жакшы ой-пикир, жакындашуу да... Профессионалдуу ишмердик катары бааласак болот. Чалкыган деңизде сүзүү үчүн эки тараптуу кызыкчылык бир булак сыңарындай оргуштаса, бириксе, ошондо улуу жетишкендиктер жаралат эмеспи. Андыктан, кең келечекке карай терең түшүнүшүүгө ниетимди билдирип турган чагым. Жылуулук каалайм...
Арсен, акын
"Азия Ньюс" гезити