Акыркы кабарлар
» Саясат » Эдил Байсалов HRW уюмунун жетекчиси менен жолукту
Эдил Байсалов HRW уюмунун жетекчиси менен жолукту
23-ноябрь, 11:58
206 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
“Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасы демократиялык өнүгүүнү, Конституцияга ылайык адам укуктарын сактоону жана коргоону, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууну жактайт” деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушууда кызматташтык жана адам укуктары боюнча маселе талкууланган.