Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда, Казакстанда камалган мекендештердин тагдырларына бийлик кайдыгер карабаса...

Россияда, Казакстанда камалган мекендештердин тагдырларына бийлик кайдыгер карабаса...

09-август, 22:34
2 534 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Буга чейин эле Россия, Казакстанда кыргыз мигранттарынын укуктары бузулганы, кыйласы камакка алынышып (көпчүлүгү болбогон жерден), түрмөлөрдө сыздап жатышканы жашыруун эмес. Кыргыз бийлиги бул жагынан олуттуу маселе көтөрүп, жарандарыбыздын тагдырларына качан кызыгат? Тышкы иштер министрлиги, башкы прокуратура өз ара демилге көтөрүү менен Россия, Казакстандагы кесиптештери аркылуу сүйлөшүүгө барышса, териштирүү жүргүзүшсө, керек болсо соттолгон жарандарыбызды Кыргызстанга өткөзүп алууну ишке ашырышса, эмнеге болбосун? Бизде деле өлкөбүздөн камалган чет элдиктер өз мекендерине которулуп кеткендерин көрүп эле келатпайбызбы. Бул жерден натыйжалуу иштеш керек да. Тилекке каршы, биздин чиновниктер эптеп эле күн өткөрүшүп, айдатма болуп калышты окшойт. Айтмакчы, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Россия, Казакстандагы кесиптештерине чыгып, кызматташып, дал ушул багытта иш алып барса, эмнеге болбосун? Коомчулукка көмүскөдөгү көйгөйлөрдү чыгарбайбы? Арбын айлык алып, комфорт жашоодо гана жүрө бербей, карапайым калктын кайгысына ортоктошпойбу? Качан кайдыгерликтен арылабыз? Эрксизден баш чайкайсың да...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер