Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токмокто жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирус табылды

Токмокто жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирус табылды

07-апрель, 11:53
516 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусунун Токмок шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдирди.

Токмок шаардык ооруканасы маалыматты тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди: «17-мартта төрөт үйүнө шашылыш түрдө бир келинди алып келишкен. Ал мурда операция жолу менен төрөгөн экен. Бул жолу дагы операция менен төрөттүк. Андан соң дене табы көтөрүлүп, анализ алынды. Ошондо энесинен дагы, жаңы төрөлгөн ымыркайынан дагы коронавирус аныкталган. Бирок эч кандай белгилери билинбей, ооруган жок. Ошентип 25-мартка чейин изоляцияга алынып, кароодо болду. Кийин үйүнө чыгарылып, ал жакта дагы медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду. Ал бизге келердин алдында бир жерден жугузуп алган окшойт. Азыр абалы жакшы».

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер