Базарбеков сот системасын “базарга” айландырды


“Балык башынан сасыйт” деп тегин жерден айтылбаса керек. Жогорку сотко Замирбек Базарбеков келгени судьялар байма-бай УКМКнын жасоолдору тарабынан кармалышып, коомчулукка жарыяланууда. Фемида айдыңы ачыктыктан, мыйзамдуулуктан кетип, коррупцияга, паракорлукка батып, адам укуктары каалагандай калчанып атканын кантебиз? Мындай шартта Замирбек Базарбеков үлгү көрсөтө албаганын, кедеринен кеткенин мойнуна алып, сыйы менен баса бербейби? Системанын ашмалтайын чыгарып коюп, дагы эмнени күтүп отурат? Айтор, курч соболдор арбын. Бийликтин аброюн кетирүүдө соттор кыйла салым кошууда. Карапайым калктын нааразычылыгы жаралууда. Дал ушундай көрүнүшкө акыл-эстүү адамдар туура анализ жасоо менен чечкиндүү жыйынтыкка келиши зарыл. Базарбеков сот системасын “базарга” айландырса да карап отура беребизби?
"Азия Ньюс" гезити











