Саясый күлкү
Чыгаша жана киреше
Урмат Барыктабасовдон анекдот.
Бир жигит отпуске учурунда курортко кетет. Бир жумадан кийин аялына мындай телеграмма келет: “Телевизорду тез сат да мага 500 доллар салып ий”.
Бир айдан кийин аялы курортко кетет. Бир жумадан кийин мындай телеграмма келет: “500 доллар салдым. Телевизор сатып ал”.
Кейпиң жаман
Жапарбек Ормоновдон анекдот.
Кыз менен жигит сүйлөшүп турушат:
-- Сен бүгүн эмнегедир зооморфный болуп турасың, - дейт кыз.
-- Түшүнбөдүм...
-- Эшекке окшоп турасың дейм.
Оңолуунун белгиси
Улукбек Мариповдон анекдот.
Эки психолог пляжда сүйлөшүп отурушат. Аңгыча көл жактан “жардам бергиле, чөгүп баратам!”деген аянычтуу үн угулат.
-- Кимдир бирөө проблемага тушукту көрүнөт, - дейт биринчи психолог.
-- Бирок, проблемасын жашырбай ачык айтып жатканы жакшы симптом, - дейт анда экинчиси.
Тарт-тарт...
Айнура Кабатай кызынан анекдот.
Бир куудулдан журналисттер сурашат:
-- Күйүп калган пирог менен бойго бүтүүнүн кандай окшоштугу бар?
-- Экөө тең кеч чыгарып калгандын кесепети...
Чыгармачылыктын азабы
Атантай Акбаровдон анекдот.
Эки акын жолугуп калышат:
-- Эмне, жаңы жазган ырыңды бирөөгө окуп бердиң беле?
-- Жок.
-- Анда эмнеге көзүң көгөрүп жүрөт?
Шалаакылык
Лунара Мамытовадан анекдот.
Бир келин башкы врачка даттанып атат:
-- Кечээ УЗИге түшөйүн деп келгем. Врач болсо мени карабай эле кечке телевизор көрүп отуруп алды...
Салыштыруудан билинет
Асел Кодурановадан анекдот.
Бир жигит кошуна келинге тийишип атат:
-- Мээрим, келчи, оозуңан бир өөп коёюн.
-- Турчу ары!
-- Сен жаман ойлобо. Мен тек гана аялым экөөңөрдүн кимиңердин оозуңар даамдуу экенин билгим келип атат.
-- Анда менин күйөөмөн сура, ошол билет.
Ажырашкандын пайдасы
Мураталы Тагаевден анекдот.
Эки дос жолугуп калышат:
-- Аяш экөөң ажырашып кетишти деп уктум, ошол чынбы?
-- Чын. Балдар менде калды.
-- Үйчү?
-- Аялыма тийди.
-- Экөөңөр чогултуп жүргөн акчаларчы?
-- Адвокатка буюруптур.
Склероз
Султан Раевден анекдот.
Бир унутчаак профессор көчөдө баратса бир келин салам берип учурашат.
-- Агай, эсиңиздеби? Сиз бизге сабак бергенсиз. Баарыбыз сизди жакшы көрчү элек. Бир жолу мени коридордон кармап алып, “мага турмушка чыкчы?” деп айткансыз?
-- Анан эмне болду эле? Баш коштукпу?..
Ач кулактан тынч кулак
Кубатбек Бороновдон анекдот.
Бир абышкадан сурашат:
-- Ушунча жылдан бери кемпириңиз менен бир да жолу урушпаптырсыз. Мунун сыры эмнеде?
-- Менин бир тактикам бар.
-- Кандай?
-- Аялым бирдеке айтса, ошол замат макул болом. Андан кийин гана эмнеге макул болгонумду ойлоно баштайм.
Үйрөнүш бат эле
Жанат Бейшеновдон анекдот.
Кадрлар бөлүмүнүн башчысы жаңы келген кызматкерди маектешүүдөн өткөрүп жатат:
-- Калп айтмай, кечикмей, ала коймой, уурдап-ката коймой өнөкөттөрүңүз жокпу?
-- Андайым деле жок. Бирок, сиздердин министрликте иштеш үчүн ошондой сапаттар зарыл болсо, бат эле үйрөнүп алам.
“Мина”
Мирслав Аманкуловдон анекдот.
Эки мергенчи токой аралап келатышат:
-- Көрдүңбү? - дейт биринчи мергенчи.
-- Эмнени?
-- Азыр эле үстүбүздөн кыргоол учуп өтпөдүбү.
Жолду кайра улашат.
-- Көрдүңбү?
-- Эмнени?
-- Сен эмне, сокурсуңбу? Алдыбыздан коён чуркап өтпөдүбү!
Дагы бир аз баскандан кийин биринчи мергенчи кайра суроо салат:
-- Көрдүңбү?
Экинчи мергенчи бул жолу да “жок” деп айткандан уялып, “ооба” дейт.
-- Анда эмнеге «жалп» эткизип тебелеп алдың?
Жаманга жоруба
Эмил Осмонбетовдон анекдот.
Эки киши жолугуп калышат:
-- Эмнеге көзүңдүн айланасы тегерек болуп калган? Кечээ ичтиң беле?
-- Эмнеге дароо эле ичтиң беле дейсиң? Просто стаканга башымды койгон бойдон уктап калыпмын.
“Азия Ньюс” гезити