Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев: “Абалдын курчуп кетишине Бороновдун күнөөсү чоң”

Исхак Масалиев: “Абалдын курчуп кетишине Бороновдун күнөөсү чоң”

09-июль, 19:32
5 662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөнү каптаган илдет учурда Кыргызстанда күн сайын ондогон адамдардын өмүрүн алып жатат. Коомчулук арасында эки ай киргизилген карантиндин да жардам бербегени нааразы пикирлерди жаратып, оорунун жайылышына жол бергенерди жоопкерчилике тартуу талаптары айтылууда. Буга парламент өкүлдөрүн да күнөөлөгөндөр жок эмес. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиевден мына ушундай суроолрго жооп алууга аракет жасадык.


-- Саламатсызбы Исхак Абсаматович, парламент депутаттарынын аймактарда шайлоого даярдык көрүп жүргөнү элдин кыжырдануусун жаратууда, азыр шайлоого камдана турган учурбу?

-- Кызым, биринчиден, мен парламенттен кетип жатканда элден кечирим сурагам, кырдаалдын курчуп кетишине биздин да күнөөбүз бар. Анткени, өлкөнү оор кырдаалда Жогорку Кеңеш башкарышы керек болчу. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ошондуктан, менде да айып бар. Экинчиден, мыйзамга ылайык президент шайлоонун боло турган күнүн жарыялады. Абал курчуп турганда, аны кантип жана кандай өткөрөт? Азырынча мен билбейм турам. Жеке пикиримде, шайлоо маселесин башка жол менен чечсек туура болмок. Каникул учурунда депутаттар чогулуп, адистерден кеңеш алып, балким өзгөчө кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин ишин мөөнөтүнөн эки-үч айга узартуу туура болот. Мындай учурда парламенттин өкмөттү алмаштыруу, Конституцияны өзгөртүү сыяктуу айрым ыйгарым укуктарын чектеп, бирок, мыйзамдарды кароого окшогон катардагы ишин уланта берсе болмок.  

-- Адамдар өлүп жатса деле, баары бир шайлоо өтө тургансып калды, учурда кайрымдуулук менен алектенген депутаттардын аракеттерин кандай баалап жатасыз?

-- Шайлоону айтып калдыңыз, буга даярдык эчак эле, март айындагы карантинде башталган. Анткени, “биздин партия боорукер, элди ойлойт” деген сөздөрдү айтып, 2 кг күрүч, макарон, кумшекер, 2 литр май салынган пакеттерди таратуу, түздөн-түз үгүт иштери болуп саналат. Албетте, жардам кылган, белек берген кишиге рахмат айтышыбыз керек. Бирок, жакшылык кылган адам берген жардамын интернетке чыгарып, мактануу иретинде көрсөтпөшү керек. Анда кайрымдуулук, жакшылык максатына жетпейт. Сиз туура айтып жатасыз, адамдар четинен кырылып, калгандары дүрбөлөңгө кабылышып, коркуп турушса, биз алардын кыйналып жаткан мезгилинде пакет таратып, партиясын мактатып, өтө таза эмес кадамдарга жол бердик. Жасалма дем алдыруучу аппараттарды, дары- дармектерди берип жатышат, буга миң мертебе ыраазычылык билдиребиз, бирок, аны сахнага чыгарып, жарыя кылгандары башкача тушүнүктү жаратат. Өкмөттүн колунан келбей турганда, ар бир жаран берсин, анткен менен аны шайлоого бара турган, келечекте депутат болууну көздөгөндөр жасап жатканы абдан кыйшык көрүнөт... 

-- Учурунда мурдагы премьер-министрге ишин аткара албай жатканын айтып, отставкаксын талап кылгансыз, бирок, өкмөт башчы алмашкандан кийин, абал курчуп кеткенин көрүп турабыз.  

-- Мухаммедкалый Абылгазиевден башка эч ким кызматтан кеткен жок. Албетте, азыркы премьер-министр Кубатбек Боронов агезде руспубликалык штабды жетектеп турган, абалдын курчуп кеткенине анын да түзмө-түз жоопкерчилиги, күнөөсү бар. Мен аткаруу бийлигинин жалпы ишмердүүлүгүнө терс баа бергем. Бул өкмөт иштей албай турганын айткам. Алар кызмат гана аткарып отурат. Коронавирустун алдын алуу штабы январь айында түзүлгөн болчу. Айланайын, азыркы кечигүүлөр менен ачылган стационарларды Италияда, Испанияда, Францияда оору күчөп жатканда эле көрбөдүк беле?.. Биринчи өзгөчө кырдаал жарыяланганда эле, элдин укпай жатканын, тойлорду өткөрүп, кучакташып, колдорун жуубай жатканын айтып, алдын ала көрө билгендин ордуна, өкмөт толук курамы менен өздөрү эрежени сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүп жатышты. Бул кызматкерлер абалга маани бере албай калды. 

-- Депутаттарга, өкмөткө коомчулук тарабынан сын пикир көп болгону менен президент Жогорку Кеңештин жакшы иштегенин белгиледи...

-- “Жакшы” деп айтса, демек Жогорку Кеңеш анын ойлорун, пикирлерин “есть командир” деп аткарган. Албетте, президентке ыңгайлуу парламент болду да. Ал эми жалпы коомчулуктун баасы боюнча көңүлгө жакпаган парламент эмеспи. Президент өзүнүн мактоосун айтканга укугу бар, айта берет. Анын көз карашы боюнча бир топ жакшы мыйзамдар кабыл алынды. Аны жокко чыгара албайбыз. Кээ бирлери чечкиндүү болду, маселен, жерди трансформациялоо жана жер участкалары боюнча, балдарга кошумча төлөмдөрдү берүү мыйзамдарын жетишкендик катары айтам. Бирок, бүгүнкү күндө болуп жаткан абал учурунда жасалган жакшылыктардын баардыгын жокко чыгарып жатат. Биз өкмөттү күнү-түнү көзөмөлдөп, отчет алып турушубуз керек эле. Бирок, аткаруу бийлиги “баарын өзүбүз чечебиз, жооп беребиз, буюрса баары жакшы болот” деп туруп алышты. 

-- Сиз белгилегендей, учурунда жоопкерчиликти сезип жаткандарын айткандар, кийин кызматтарын тапшыруу менен чектелишти. Айрымдар алардын жоопкерчилиги туурасында маселе көтөрүшүүдө...

-- Укук коргоо органдарында көп жыл иштеген адам катары, пандемия өлкөгө чоң зыяндарды алып келгени аныкталса, тиешелүү адамдар сөзсүз жоопкерчиликке тартылыш керек. Бул атайын жасалган кылмыш эмес, муну “шалаакылык” деп коет, дааватчларды тыкыр көзөмөлдөп, же Орусиядан келген жарандарды сөзсүз обсервацияга жаткырып, президенттен баштап, акыркы жөнөкөй адамга чейин бет кап тагынып, колду таза жубуп, кичине контакттарды азайтсак, балким, коркунучтар мынчалык болбойт беле? Ошондуктан, ким өкмөт башчы, ким министр, вице-премьер-министр болгон? Баардыгы сөзсүз жооп бериши абзел.   Маселе башкада, аларды ким жоопко тартат? Өздөрү өздөрүн камайбы? Абылгазиев бекиткен каржы полиция же президент шайлаган башкы прокурор эмне кыла алышмак эле? Эч нерсе. Убакыт өтүп, жаңы күчтөрдүн бийликке келиши менен шалаакылыкка жол бергендер жазаланышы мумкүн. Көрөсүз го, алардын көпчүлүгү томпоюп келерки шайлоодо депутат болуп отуруп калышат. Өкмөт мүчөлөрүнүн “эл укпайт, тартипти сактабайт” деп, элди сындаганына таң калдым. Бизде башка эл жок, өкмөттү баккан эл, ушул. Түшүнбөсө түшүндүр, жеткир, колуңдан келбесе кызматыңдан кет. Акыркы жоготуулар күйүткө салды. Депутаттар, өкмөттөгүлөр кырдаалдын курчуп кеткенин өздөрү кыйнала баштаганда түшүнүштү...  


Анархан Алтымышова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер