Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Россия бизди кошуп албайт, 7 миллион элди багуу аларга керекпи?”

Сабыр Муканбетов: “Россия бизди кошуп албайт, 7 миллион элди багуу аларга керекпи?”

19-март, 21:49
3 836 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бийликке каршылык көрсөткөн күчтөр, дээрлик оппозиция шүк эле отуруп калды. Алар камакта, суракта дегендей. Бирок элибиз тынчыбай, улам нааразычылык акцияларга чыгышып, бийликке карата сын-пикирлерин айтып келишет. Салык “сыйыртмагы”, айып пулдар, тарифтердин көтөрүлгөнү кооптонууларды жаратпайбы?

-- Системалуу оппозиция өткөн кылымдын 90-жылдарында, кайра куруу толкуну менен пайда болгон. Коом азыркыдай деградация боло элек, адамдар жалпы жонунан ыймандуу, нысаптуу, абийирдүү кезде түптөлгөн оппозициялык күчтөр негизинен 35-40 жаштарга чейинки жаштар эле. Азыр алардын алды 60-70 жашка келип, андан сакалдуулары үйдө отуруп калды, же о дүйнөгө кетишкен. Анан ортодо үч ирет төңкөрүш болду. Алардын көбү бийликке кирип чыгышты, жыдышты, элдин ишениминен ажырашты. Ошентип буга чейин оппозицияда жүргөндөрдүн көбү карыды, сатылды, чачылды, чарчады десек болот. Бирок, оппозиция андан бөксөргөн жок. “Оппозициямын” дегендер иттин кара капталынан көбөйүп, акчаны Кудайындай көргөндөр бийлик-байлык үчүн жагынганга, “жалаганга” даярлар, ойлонбой сүткө түкүрө тургандар жана жаңылар менен толукталды. Көбү коркок, сатылма, жеке кызыкчылык үчүн жүргөндөр болгондуктан, биримдиктери жок, камап коёт деп коркуп, коркпогондору “бул бийликтегилерге теңелип, камалып убара болгончо” деп, сен айткандай шүк отуруп калышты.

Мындай системсиз оппозиция канчалык кооптуу экени өткөн 5-октябрдагы төңкөрүштө, арматура менен асфальт сабагандар келгенде айрыкча байкалды. Алар максатына жетиш үчүн жарандык согушту канга боёп, мамлекетти өрттөп жок кылуудан да кайра тартпастыгы ачык эле көрүндү. Ошолорду колдонуп бийликке келген азыркы бийлик да түшүнүп, боюн оолактатып сактанганы акыркы убакта ачык эле байкалууда. Анысы албетте туура, антпесе “шарашкина контора” эле болуп баратканбыз. 

Эми айып пул, тариф, коррупция, акыйкаттык жоктугу боюнча локалдуу нааразычылык акциялары болуп, көбөйүп баратканы байкалат. Азырынча ачык батына албай тургандар да чыдамсыздык менен өз саатын күтүп аткандай туюлат. Кудай сактасын, абал курчуп, “арматурщиктер” кайра чыкса күлүбүздү даана көккө ошолор сапырат (!) деп корком. 

-- Жалпы коомчулук ичинде барган сайын карама-каршылык, талаш-тартыш, бөлүнүп-жарылуу сыяктуу терс көрүнүштөр көбөйүүдө. Элдин башы качан биригет? Мамлекет катары ырааттуу, түз жолго түшө алабызбы? Балким СССР кезиндегидей болуп, Россиянын курамына кирсек туурабы? Же акылдуу уул-кыздарыбыз билим, тажрыйба жагынан жетилгенде өз алдынча күчтүү өлкө түзөбүзбү?

-- Садыр Жапаров болгон күч аракетин жумшап, эл оозунда жакшы ат менен калууга эки көзү төрт. Тарых сабак берди, байлык топтоп аркы дүйнөгө алып кете албасын да билет. Мурункуларга окшоп ит болгондон көрө, колдон келген аракетти жасаш керек. Жасап атат. Чынында буга чейин маяналарды эки эсе көбөйтүү сыяктуу окуялар бизде болгон эмес. Бюджеттегилер аны моюндап, ыраазы эле болуп турушат. Бирок жалпы экономиканы көтөрүү оңой иш эмес экен. Быягына тартсаң тиягы ачылат, сыйкырдуу таяк жок, эл нааразы болуп эмгегиңди баалабай атса, бир жагынан жаның кашайып, зээниң кейип, жиниң да келет. 

Көзүңдүн кареги менен тең айланган айлана-тегерегиңдегилерден башканын баары душман көрүнөт. Анан акыры ошол жан-жөөкөр, дос-туугандын маселелери приоритеттүү боло баштайт. Айлаң кетет, өзгөрө баштайсың. “Камап, сындырып коёбуз” дегендердин тилине киресиң, элден алыстайсың, жаңыласың. Коом аны илгиртпей сезет, нааразы болгондор арбый берет. Талаш-тартыш, бөлүнүп-жарылуу күч алат. Сын айткандын баары душман, жалынып-жалбарып, жалап-жуктагандын баары өз көрүнөт. Ошентип атса анан кантип ыраттуу жолго түшөсүң? Эч түшө албайсың.

СССРдегидей болуп кайра биригүү да мүмкүн эмес. “Орус басып алат” деген келжирек сөз. Бизди кошуп албайт, 7 миллион элди багуу аларга керекпи? Алардын душмандарына кошулуп кетпеген ишенимдүү союзник катары гана керекпиз. Биз оруска кыйшактабай түз бойдон калсак дос болобуз. Орустун душмандарына кошулсак бүттү, биздин жер достун жери эмес, душманды алыстан тосо турган буфердик зонага гана айланат. Болгону ошо. Эң жөнөкөй. Баары өзүбүздөн көз каранды. 

Арабыздагы келесоо руссофобдордун тилине кирип, орус менен душман болуу деле беш мүнөттүк иш. Бирок ошентип Украинанын кейпин кийүү бизге керекпи? Ошентип айтсаң “коркок, орускул экен” дешет. Ошондуктан биз эки жакка талтайбай, тандоо жасашыбыз керек. 

Орус кошуп албайт, СССРди кайра тирилте албайсың, бирок ишенимдүү союзник катары Россия-Беларусь союзуна кирсек неге болбосун? Мамлекеттүүлүгүң кала берет, БУУда желегиң желбиреп тура берет. “Америка, Батыш жаман көрөт” деп жалтактап кереги жок. 

Россия, Кытай, Индия, Иран, Арабия, Африка, Латын Америкасы англосакстарга “500 жыл каныбызды ичкениңер жетет” деген сөздү айтканга бышып калды. Бирдиктүү Батыш менен Американын күнү бүтүп баратат. “Эки тоонун башын самаган эчки ачкадан өлүптүр” болбой, туура тандоо жасап, континенталдык кошуналар менен бирге болгонубуз эле оң. Анан дагы акылдуу жаштар жетилгенде деле күчтүү өлкө боло албайбыз. Анүчүн жериң кенен, элиң көп, ресурстар жетиштүү болушу керек. Биз үчүн ишенимдүү стратегиялык өнөктөш, союздаш менен бирге гана өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошону эстен чыгарбашыбыз керек. 

-- Саясый элитанын тар чөйрөсүндө кеп кызып, күздө кезексиз президенттик шайлоо болору болжонгону кандай? Буга негиз барбы? Эмнеге мындай даярдыктар тымызын көрүлө баштады? Бул жагын кандайча чечмелесе болот?

-- Садыр Жапаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Конституциясы менен шайланган, 6 жылга, бир мөөнөткө. Андан кийин Садыр Жапаровдун Конституциясы кабыл алынды. Жаңы Башмыйзам боюнча эки жолу беш жылдан шайланса болот. Эми кандай болот, алты жыл отуруп “бүттү” дейби, же экинчи мөөнөткө барабы? Анда 6+5=11 жыл болуп кетет да. Эскиден жаңыга өтүү тууралуу өткөөл бөлүмдүн беренелерине “андай болсо бул мындай болуп эсептелет” деп каалаганыңды жазып алганың менен легитимдүүлүк маселесине шек жаралып калат. Ошондуктан “өткөн өттү, буга чейинки иштер өткөөл мезгилдин издержкасы, жаңы мыйзам менен шайкеш кылып шайланам” десе, “буга чейинкиси эсеп эмес” деп, 2023төн 2028ге чейин бир мөөнөт, 2028ден 2033кө экинчи мөөнөт, баш-аягы азыркы эсепсиз кеткени менен 12-13 жыл болуп атпайбы?.. Бул план ишке ашса, кокус Акаевдин эле кейпин кийип калбаса, легитимдүүлүк тууралуу маселе болбойт. 

Бирок Камчыбек Ташиевди коргоо комитети кантээр экен? “Тосток көз”  коррупционер төрагасы “коргоо уюмун түзүп, араң алып калдык, досуңдун жүзүн көрдүң, эми башка жол жок, сизди сүрөп, жалпы республикалык деңгээлге көтөрүп, шайлоого чыгып, эки тизгин бир чылбырды колго албасаң, соодаң бүттү!” десе кандай болот?


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер