Акыркы кабарлар
» Саясат » Оролбек Акпаров менен Азамат Жумабаев акча талашып уруштубу?
Оролбек Акпаров менен Азамат Жумабаев акча талашып уруштубу?
29-сентябрь, 19:30

“Визион групп” курулуш компаниясынын айланасында чыр чыгып, жетекчилиги каршылаш тарабына арыз жазып, каматууга жетишкени айтылган. Ушул жерден чийеленген соболдор жаралууда. Кармалган адам камактан чыгуу үчүн 200 миң доллар бергенби? ГУУР менен тергөө башкармалыгы бөлүшө албай талашканбы? Башында үстөмдүк жасап алышып, кайра артка кетишкен кербездериби? Береги органдардын жетекчилери Оролбек Акпаров менен Азамат Жумабаевдин аттары чуулганга кандайча илээшип атканы чечмеленеби? Ал эми жабырлануучу тарап УКМКга арыз жазганы ыраспы? Бул боюнча маалыматтар ачыкка чыкпай, борбордук аппараттан үзүл-кесил үн чыгып, так кесе айтылбай атканында кандай мандем бар?
"Азия Ньюс" гезити