Касымалиев көйнөк-костюм менен майдаланбай, экономиканы көтөрүүнү айтпайбы!


“Кабинетте костюм кийбей көйнөкчөн отургула, кондиционерди иштетпей электр энергиясын үнөмдөйлү” деген мааниде Адылбек Касымалиев божурады. Тапкан идеясы ушулбу? Ушунча да майда беле? Таңгаласың да. Өкмөт башчы деген кымбатчылыкты ооздуктоо, экономиканы көтөрүү, инвестиция тартуу жана жакырчылыктан кантип чыгуу боюнча маселени айтпай, жеңил-желпи көрүнүштөргө чарпылганын кантебиз? Кошуна өлкөлөр дүркүрөп өсүп, алдыга озуп баратышат. А Адылбек Касымалиев артынан кетип, көтөргөн демилгесин көрдүңөр. Ушинтип отурсак качан өнүгөбүз?
Азыр улуу, орто, жаш муундардын арасында премьер-министрликке жараган, камчы салдырбай эл жүгүн аркалай турган кадрлар арбын. Аларды эмнеге көрбөйбүз? “Рейтинги көтөрүлүп кетет” деп кызганабызбы? Такыр түшүнүксүз да...











