Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ата-Бейиттеги” иш-чара жабык өткөнүнө нааразы болгондор жөөлөп киришти

“Ата-Бейиттеги” иш-чара жабык өткөнүнө нааразы болгондор жөөлөп киришти

07-апрель, 11:48
557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Апрель окуяларынын 11 жылдыгына карата бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди.

Садыр Жапаров баштаган расмий өкүлдөр катышкан “Ата-Бейиттеги” иш-чаранын жабык өткөнүнө Апрель окуясында каза болгондордун жакындары нааразылык билдирип, он чакты киши жөөлөп кирип кетишти. 

Алар кеткенден кийин Апрель окуясында жакындарын жоготкон ондогон кишилер куран окуп, курмандыктарды эскеришти.

Президенттин басма сөз кызматы буга чейин Жапаров “Ата-Бейиттеги” мемориалдык дубалга жана Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл коё турганын билдирген.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер