Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билим берүү министри кечирим сурады

Билим берүү министри кечирим сурады

10-октябрь, 09:06
606 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“5-октябрь билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата, бул тармакта эмгектенген 1000ге чукул адиске Ардак грамоталар жана “Билим берүүнүн мыктысы” сыйлыктары ыйгарылган. Ошол педагогдордун арасында 23 жаштагы мугалим кыздын сыйлык алганы катуу талкууга түштү. Аны менин тууганым деп да чыгышты. Чынында мен ал мугалимди тааныбайт экенмин. Негизи эле бул тармакта 25 жылдан бери иштеп келе жаткан адам катары бир да ирет тууган, досторума сыйлык же башка маселеде жардам берген эмесмин. Бул менин инсандык көз карашыма туура келбейт. Ал эми бул берилген сыйлыктар боюнча атайын комиссия иш алпарат. Алардын ишине министр киришпейт. 23 жаштагы мугалимге мыктылыкты берерде эмгек стажы эсепке алынбай калган, бирок жободо конкреттүү жасаган иштери болсо да ыйгарууга мүмкүн деп жазылып калган. Ал эми ал мугалим “Жылдын мыкты мугалими–2019” наамын жеңип алган. Ушунун негизинде бул жаш мугалим сыйлыкка ээ болуп отурат. Мен 30-40 жыл иштеп, эч кандай сыйлык албай жүргөн мугалимдердин учурдагы абалын түшүнүп турам жана моралдык жактан туура эмес деп таап, алардан кечирим сурайм. Биз сыйлык берүү боюнча жобону өзгөртүшүбүз керек” деди Исаков.

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер