Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Батыштын, диний фанаттардын идеологиясы кыргыздарды курутуп баратат

Батыштын, диний фанаттардын идеологиясы кыргыздарды курутуп баратат

02-июнь, 23:30
925 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Капиталисттердин жетегинде калган Кыргызстанда мамлекет талкаланып, эли чачырап калды. Кыргыз бийлигинде коррупция менен мафия гүлдөп, капиталисттер түзүп берген “өзүн-өзү жок кылуу системасын” жана миллиардер Ж.Соростун программасын кынтыксыз аткарып келатышат. Ж.Соросту “поросята эмес, соросята” деп шылдыңдаган Россияда билим берүү тармагын оңдоп чыгышып, келечек муунду кадимки советтик система менен окутушууда. А биздечи? Кыргыздын улуттук идеологиясына жүз пайыз карама-каршы болгон Батыштын идеологиясын таңуулап, кыргызды кыргызга душман кылып тарбиялап жатышат. Ал аз келгенсип, диний фанаттардын идеологиясын жайылтып, өткөн кылымдарга өтүп алышкан. Курутуп баратышат. Манас, Семетей, Сейтек, Эр Табылды, Эр Төштүктөрдү кайталай беришип, 2022-жылдагы болуп жаткан окуялар менен иштери да жок. Үчүнчү дүйнөлүк согуш болуп, жер астын-үстүн болуп кетсе да кыргыздарга айырмасы жоктой көрүнөт. АКШнын фейк пропагандасын кулагы чалып калса керек, кыргыздын белгилүү саясат таанучусу “Россиянын тиши сынды” деп дөөрүп турганына караганда. Кыскасы, кыргыздардын аң-сезими качан ойгонору белгисиз. Кудай буюруп ойгонуп калса, бийлик, байлык, акчадан сырткары кызыктуу нерселер бар.

Кыргыз жаштары башаламан идеологияга туш болушса, илимий чөйрөдөгүлөр   плагиаттарга айланышып, педагогдор демагог болуп калышты. Бүгүнкү кыргыз бийлигиндеги диний жана провинциялык көз караштагы адамдар кыргыз элинин толгон-токой көйгөйлөрүн чече алышабы? Эгер колдон келбей баратса, илгерки СССР убагындай Россия менен бирдикте баардык маселелерди чече алышат. Эң негизгиси, айтканды туура кабыл алышса, кичинекей Кыргызстанды өнүгүү жолуна салуу эң жөнөкөй. Кудай уруп, “облус-райондорду Япония, Франция, Араб Эмираты, Түркияга берип өнүктүрүп алалы” дешсе, болгону Кыргызстанды таркатып берип, өздөрү басып кетишет. 49 жылга арендага беришсе, ага чейин кыргыз бийлиги канча жолу алмашат? Жеңил ойлуулукка жана обужоктукка жол берсек, Кыргызстанды жоготуп алышыбыз мүмкүн.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер