Ташиев-Бабанов тандеми түзүлөбү?
Чыңгыз Айтматов районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имараты ачылды. Өмүрбек Бабанов демөөрчүлүк кылып, ачылышына Камчыбек Ташиев, Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, коомдук ишмерлер барышканы белгилүү болду. Саясый чөйрөдө кызуу талкуу жаратты.
Арканды алыс ыргыткан, айлакер Бабанов жөндөн-жөн эле акчасын чача бербейт. Мансапка, байлыкка карата алдын ала инвестиция кыларын билебиз. Ал Кумтөр иши менен 2021-жылы камалып, 100 миллион сом төлөп, түрмөдөн чыкканы белгилүү. Андан кийин Талас облустук УКМКнын имаратын куруп берип, ага удаа жол салып атканын да айтышкан эле. Мунун өзү бийлик менен кызматташуу, достошуу, ишенимге кирүү. Соңку маалыматтардан алганда, Бабанов өкмөт башчы болууну сүйлөшүп, бул маселе чечилип калганы каңкууланууда.
Каарманыбыз баардык президенттердин тилин таап, бизнес, кызмат кызыкчылыктарын чечип, ашкере байып, премьер-министрлик даражага чейин өсүп, саясый элитанын жогорку чегинен орун алган. Аскар Акаевдин убагында Айдар менен достошуп, миллионерге айланса, Курманбек Бакиевдин тушунда оппозиционер катары таанылып, бирок көп өтпөй Акүй ичинен соодалашып, вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Кийин Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев менен тыгыз иштешип, 2010-жылы “Республика” партиясын парламентке алып келди. Премьер-министрлик кызматка чейин секирик жасаган.
Мындайча айтканда, Бабанов кайсы бир максатына жетүү үчүн акчасын аябайт, батыл түрдө чечкиндүү аракетке өтөт. Бул саам да колу ачыктыгын көрсөтүп, курулуштарды бүтүрүп, элдик инсандай сыпатталууда. Бирок биз анын табиятын жакшы билебиз да. Бир сомун жаза кетирбеген Өмүрбек Токтогулович кайрадан өкмөт башчы болуу үчүн ак эткенден так этүүдө. “Кыздын сыры төркүнгө маалым” демекчи, анын жандалбасын элеги жок эле көрүп турабыз. Марага жакындап калды.
Сыягы, келечекке карай Ташиев-Бабанов тандеми түзүлөбү? “Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, ушул өңүттөн бүйүр кызыткан ар кандай суроолор жаралып, божомолдор чыга баштады. Бекеринен “Ташиев – президент, Бабанов – премьер-министр” деп айтылып атпаса керек. А “план барбаросс” канчалык деңгээлде максаттуу өнүгөт, келечеги барбы? Албетте, бул жагы экөөнүн ынтымагынан көз каранды...
"Азия Ньюс" гезити