Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азизбек Турсунбаевдин баскан жолунан сабак, үлгү алсак, өлкөнү өнүктүрөбүз

Азизбек Турсунбаевдин баскан жолунан сабак, үлгү алсак, өлкөнү өнүктүрөбүз

06-январь, 16:37
867 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир мандаттуу Ала-Бука, Чаткал округунан Азизбек Турсунбаев 11 миңден ашык добуш алып, таза жеңишке жеткенине күбө болдук. Айрым атаандаштары акчанын күчүнө салышса да караандабай калышты. Эң башкысы, бул аймактан шайлоо чыр-чатаксыз өтүп, басымдуу эл туура тандоо жасаганына ынандык. Эмне үчүн көпчүлүктүн колдоосу Азиз мырзага бурулду? Себеби, ал 15 жылдан ашык убакыттан бери Ала-Бука, Чаткал райондорунун ар кандай көйгөйлөрүн чечүүдө батыл киришип, көп иштердин өтөөсүнө чыкканы ырас. Жеке адамдын турмушун оңдоодон жалпы экономикалык-социалдык абалды жакшыртууга, мындайча айтканда, мектеп, бала бакча, ФАП, жолдорду курууда Азизбек Турсунбаев ири демилгелерди көтөрүп, аларды жүзөгө ашырды. Бир катар өкмөттөр менен тыгыз иштешип, элдин өкүлү катары арканды алыс таштап, көп маселени оңунан чечкени ушул күнгө чейин узун сабак катары айтылып келет. Шайлоочулары тартынбастан колдоого алышканын да ушундан билдик. Өз кылган ишин жарнама жасабастан, тек гана иштей берүүнү адатка айландырган каарманыбыздан башкалар да сабак, үлгү алышса, Кыргызстандын өнүгүүсүнө ар бирибиздин кошкон салымыбыз арбыйт эле. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер