Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сыймык Жапыкеевге китайский калпак эмес, конверт көтөрүп барсаңар жагасыңарбы?

Сыймык Жапыкеевге китайский калпак эмес, конверт көтөрүп барсаңар жагасыңарбы?

05-ноябрь, 14:25
523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев кайрылуу жасады. Көрсө, он беш күндө жасаган иштери боюнча “досторуна” отчет бериш максаты экен. “Жүз миллиондогон акчаларды кайрып жатабыз” деди, бирок ким жеген, кайсы мекеме же менчик фирма алганы тууралуу ачык, так эч нерсе айткан жок.  Таласта төөбуурчактын баасы көтөрүлгөнү тууралуу да безилдеди. Бирок, өткөн жылы төөбуурчак Сыймык Жапыкеев айткандай 20-30 сом эмес, 70 сомдун тегерегинде болгон. Азыр 20 сомго кымбаттаганын ал өзүнө ыйгарып алганы туура эмес. Жапыкеев жыйынтык көрсөткөн болсо, “ортомчу губернатор, же дыйкандын мээнетин жеген баланча коррупционер, “черныйлар” колго түштү, жазаланды” деп конкреттүү фактылар менен айтпайбы?!

“Финансылык схемаларды талкалап жатабыз” деди. Кайсы тармактагы схемаларды талкалап жатканы тууралуу да конкреттүү сөз болгон жок. Мейли, ал кызматтык сыр болсун. “Депутаттардын иммунитети бар, аларды камай албайм” деп мойнуна алды, бирок кайсы депутаттарга алы жетпей жатканын ачык айтпады. Анан да “мен генпрокурор эмесмин” деп актанды. Баягы кухняда отуруп алып “олигархтарды сийдирем” деген Сыймык жок, ал каржы боюнча кылмыштарды ачкандын ордуна эми олигархтар менен бир “банда” болуп алганбы?

Сөзүнүн аягында “кабинетти көрбөй эле койгулачы, пожалуйста. Бир китайский калпак, бир камчы алып бүт баары эле ушул жакта жүрүшөт” деп кайрылды. Эми Сыймыктын кабинетине калпак эмес, конверт көтөрүп барсаңар жакшы кабыл алат болуш керек...

Эң негизгиси, Жапыкеевдин “элге эмне обещать этсем, баарын жасагам, бүт жасагам” деп он беш күндө 180 градуска бурулуп, өзгөргөнү таңгалдырууда. Кухняда отуруп алып берген убадаларын эсине сала кетели: “Кытайдын карызын олигархтарга төлөтөм, кустурам!” деп ушул Жапыкеев айтты беле? Жапыкеев ал сөзүн жөн эле реклама үчүн айткан болсо, анысын ачык айтып койгону дурус. Эл ага ишенип, “Сыймык Жапыкеев Кытайдын карызын олигрхтарга качан төлөтөт?” деп күтүп жатат...

Сыймык азыр чоң, ал мамлекеттик кызматтын этикасын сактап, кухняда же базарда жүргөндөй эмес, расмий кайрылуу жасаганга милдеттүү. Майдаланып, карапайым элдин калпагы менен камчысын сөз кылып, аларды чанып, эми олигархтардын берген баалуу белектерине туйтунуп жата берсе, эл кууп чыкканда эсине келет окшойт.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер