Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда барган сайын жаштардын саны азайып жатат. Статистика

Кыргызстанда барган сайын жаштардын саны азайып жатат. Статистика

15-август, 11:58
426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда 14төн 28 жашка чейинки жаштардын саны 1 миллион 593 миңди түзүп, калктын 24 пайызына туура келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ал эми жаштардын 51 пайызы эркектер болсо, 49 пайызын аялдар түзөт. Ошол эле учурда жыл сайын алардын саны кыскарууда.

"Жаштардын азайып жатканы байкалууда, бул 1990-жылдардын аягында төрөлүүнүн кыскарышы менен шартталган. 2013-жылы жаштар Кыргызстан калкынын 30 пайызын түзсө, 2022-жылы 24 пайызга түшүп калды. Жаштардын көпчүлүгү жумуш издеп башка өлкөлөргө туруктуу жашоо үчүн көчүп кетишет. Басымдуу бөлүгү Россия жана Казакстанга барган. Мигранттардын дээрлик төрттөн бир бөлүгүн 14-28 жаштагы жаштар түзөт", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, Статком дүйнөдө 1,2 миллиард 15 жаштан 24 жашка чейинки жаштар бар экенин, бул жер жүзүндөгү калктын 16 пайызын түзөрүн маалымдады. 2030-жылга чейин жаштардын саны 1,3 миллиардга жетет деп болжолдонууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер