Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токон Мамытов, генерал: “Курултайда делегаттар тарабынан олуттуу маселе көтөрүлгөн жок”

Токон Мамытов, генерал: “Курултайда делегаттар тарабынан олуттуу маселе көтөрүлгөн жок”

24-декабрь, 21:06
464 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токон Болотбекович, Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүп, тарыхта кала турган чоң иш жасадыбы же калпыстыкка жол бериштиби?

-Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам кабыл алды! Мыйзамды сыйлап, аткарыш керек. Эми өлкөбүз өнүп-өсүп, элдин жашоо турмушу жакшы жакка өзгөрүп кетсе, Жогорку Кенеш тарыхта калат. Мындай болбосо, анда бул бийлик бутагынын аброю төмөндөп, терс сын-пикирге туш келет!

-Экинчи элдик курултай максатына жеттиби?

-Сырттан караганда курултайдын алдына кандай максат коюлганы байкалбады. Президенттин буйругу менен курамы аныкталып, курултайды даярдоо үчүн түзүлгөн уюштуруу комитети кандай максатта багыт бергени белгисиз. Айтайын дегеним, уюштуруу комитети баштаган ураанга жараша курултайдын иши уланат эле. Тилекке каршы, мен андай нерсени көрө алган жокмун. 

-Курултай бийлик менен элди жакындаштыра алдыбы же мурунку эле курултайлардын бири болуп калдыбы?

-- Делегаттарды эл шайлагандан кийин бул маселени айт, тигил жагдай менен жогору жакты кабардар кыл деген талаптар менен жөнөтөт. Ошон үчүн курултайга катышкан делегаттар эли көтөр деген маселелерди көтөрдү. Аягында президент айтылган маселенин баарына токтолуп, берилген суроолорго жооп берди. Курултай бийлик менен элдин ортосундагы кандайдыр бир ажырымды жоюп, аябай болбосо дагы жакындаштырууга салым кошту. 

-- Курултайда президент баш болуп нарк-насилге кайрылды. Кыргыз элинин дүйнө таанымын өзгөртө турган кыргыз коомунун негизги баалуулуктарын аныктап алдыкпы?

-Курултайды даярдаган уюштуруу комитети делегаттарга элдин биримдиги, ынтымагы, туруктуулугу, өнүгүүсү жана мамлекетке коркунуч жараткан чакырыктар боюнча да маселе көтөргүлө деп кичине багыт берип коюшса, мүмкүн президенттин кайрылуусундагы айтылган баалуулуктарды улап, илим, билим тармагын да кошуп айтышмактыр. Тилекке каршы, делегаттар тарабынан андай олуттуу, чоң маселе көтөрүлгөн жок. 

-Келген делегаттардын баары суроолоруна ынанымдуу жооп ала алыштыбы?

-- Делегаттар ыраазы эле болсо керек. Анткени, президент курултайга баштан-аяк катышып, жыйынтыгында көтөргөн маселеге, айтылган суроолордун баарына жооп бергендей болду. Негизи делегаттар көтөргөн маселелердин көбү жергиликтүү бийлик жасай турган иштер экен. Айыл өкмөт менен акимдер элдин талабына жооп бергидей иш алып барбай жатышабы, же аларда финансылык тартыштык болуп жатабы? Ошону такташ керек. Эл иш жылбаганынан, маселе кандайдыр бир себептерден улам чечилбегенинен президентке кайрылууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер