Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңилген партиялар уткандарды куттуктоого милдеттенме алышты

Жеңилген партиялар уткандарды куттуктоого милдеттенме алышты

11-ноябрь, 11:08
736 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте 10-ноябрда “Шайлоо – бул өз ара каршылашып, элди бөлүп-жаруу үчүн эмес, коомду биригүүгө алып бара турган жол” деп аталган талкуу өттү. Ага алдыдагы парламенттик шайлоого ат салышып жаткан партиялардын өкүлдөрү, эксперттер, талдоочулар, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев, коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев катышты.

Соңунда шайлоого катышып жаткан партиялар жана талапкерлер өз ара макулдашууга кол коюшту. Анда таза жана калыс шайлоо өткөрүү үчүн бирдей шарттарды түзүүнү мамлекеттик бийлик органдарынан талап кылуу, добуштарды сатып алуу жана административдик ресурс пайдалануу, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө жана бөгөт коюуга кепилдиктер жазылган. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер