Акыркы кабарлар
» Саясат » Руслан Акматбек “Биздин башчыбыз эмне анчалык Лукашенкону куттуктаганга шашты?”
Руслан Акматбек “Биздин башчыбыз эмне анчалык Лукашенкону куттуктаганга шашты?”
11-август, 12:22
1 199 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Саясый серепчи Руслан Акматбек төмөндөгүдөй пикирин калтырды: “Менин түшүнбөгөнүм, биздин өлкө башчыбыз эмне анчалык Лукашенкону куттуктаганга шашты? Тиги адилеттүү жеңсе бир жөн... Бирок, массалык фальсификация, үч миңден ашуун жараны камалып, эки күндөн бери интернет жок, эртең өлкөдө массалык иш таштоо башталганы турат. Күч органдары калкын сабап, камап, автозактарга тыгып жатат. Анан ушунун баарын көрүп туруп, шашпай турса болмок. Кытай, Россия, Казакстан куттуктап жибериптир. Эми алардыкы идеологиялык тилектештик да. Биздикичи? Биз да аларга ыктап, авторитаризмге тилектеш экенибизди билдиргенибизби?!”