Тариэл Абитовдун “ычкырынан” коңгуроо кагып, эскертип турган кербезибиз
Жаңы жылга чейин ИИМдин күзөт кызматынын жетекчилигине Тариэл Абитов дайындалган. Баштапкы кесиби физкультурник. Ушундай даражадан ИИМ академиясын башкарууга жетишип, андан соң азыркы кызматына жетип отурат. Генерал-майор наамы бар. Милиция кызматкерлеринин ичинде анчалык деле кадыр-баркын байкаган эмеспиз. Көпчүлүктүн катарында жүрсө керек да. Бул эргулдун бактысы 2020-жылдан кийинки төңкөрүштөн соң ачылды.
Айтмакчы, Тариэл Абитов ИИМ академиясынын астындагы Э.Алиевдин эстелигине заара ушатканы коллегалары тарабынан айтылып, биз ал боюнча өзүнө суроо жолдогонбуз. Тилекке каршы, жооп берген эмес. Эми ИИМдин күзөт кызматын аркалап отурат. А жердеги коңшулаш КРСУнун имаратынын астында А.Пушкиндин айкели турат. Алагүү кезинде көнгөн адатына салып, ага да заара ушатып жибербейби? Алдыртан коңгуроо кагып койгон кербезибиз. “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дегендей, эрксизден баш чайкайсың да. Ушундай күтүүсүз жерден чоңойгон ортозаар кадрлардын заманы болбодубу...
"Азия Ньюс" гезити