Элчи Жаныш Рустенбековдун айынан мамлекетибиз артка кетүүдө
“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси курч болуп турат. Тажикистандагы биздин элчи Жаныш Рустенбеков 71 жашта. Же кылган ишин көрбөйсүң, же өзүн көрбөйсүң. Мүгдүрөбөй жаштарга орунду бошотсо болмок. Баары бир колунан эшектин тезеги келбейт экен” деп элчиге жаалдангандар күндөн күнгө көбөйүүдө.
2018-жылдын 30-октябрында Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчиси кызматына Жаныш Рустенбековдун талапкерлигин жактырган. Рустенбеков өз кезегинде аларга ыраазычылыгын билдирип, “Чек ара маселесинде жылыш жок болуп жатат, баардык маселелерди чечкенге баардык аракетимди жумшайм”, - деген экен.
Жаныш Рустенбеков ага чейин Кыргыз мамлекетинин Түркмөнстандагы элчиси кызматын аркалаган.
Айтор, дал ушундай жанбактылардын айынан мамлекетибиздин кызыкчылыктары корголбой, ыр-чыр күчөп, артка кетип атканы жашыруун эмес. Мындай шылуундарга качан баа берилет?
Aryba.kg