Сыймыктын айынан “Макале” менен “Сексалю” стресске кабылыштыбы?
Ансыз да партиялаштары “Макале” менен “Сексалюну” жаман көрүшүп, ичтеринен каарып атышыптыр. Айтор, “Кыргызстандын” алдыңкы тизмесиндеги абройлуулар баштарын чайкап отурушат. Бир эсе ушул экөөнүн айынан көйгөй жаралганы да жашыруун эмес.
Өткөндө блогер Сыймык Жапыкеев соттун алдынан “Макале”, “Сексалю” деп тамагы айрылганча кыйкырып жатып, Дастан Жумабеков менен Тазабек Икрамовго психологиялык сокку урганы айтылууда. Алар ички тынчсызданууга, стресске кабылышканы ыраспы? Экөөнө береги каймана аттар печаттай эле басылганын карачы! Коомчулукта козуп турган чагы. Эл кантип добуш берсин?.. “Кыргызстан” партиясынын айрым тыңчыкмалары булардан арылууну ойлонушуп, акыры тизмеден өз арыздары менен кетиришкени жатышабы? Кыскасы, ушул жагынан интрига курчуп, көп сөздөр ырбачудай болуп турат...
Aryba.kg