Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бабанов менен Казакбаев саясый айдыңда Равшан Жээнбековдун көлөкөсүндө калды

Бабанов менен Казакбаев саясый айдыңда Равшан Жээнбековдун көлөкөсүндө калды

24-июнь, 19:30
866 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. “Өмүрбек Бабанов менен Руслан Казакбаевден эч нерсе чыкпай калды, Равшан Жээнбековду колдойлу” деген таластык аттуу-баштуулар жакын арада өз ара масилеттешип, шерденип калышкан чактары. Чындыгында эле береги эки лөк саясый кырдаал боюнча үн катпай, “коркконго кош көрүнөт” таризинде коңулга баштарын катышканы жашыруун эмес. Ал эми Равшан мырза барган сайын күчөп, бийлик менен кармашып, үстөмдүк жасап, саясаттын кумарына катуу кирип кетти. Жогорку төбөлдөр деле туура түшүнүп, айбаттуу оппозиционерди камабай, коомдук пикирлерди эске алып, сабыр кылып турушкандай. Негизи кандай гана бийлик болбосун, оппонент сөзсүз керек. Сын-пикир айтылып турбаса, аягы саз сымал былкылдап, ирип-чирип кетпейби? Анын сыңарындай, убагында ачык, курч кеп, сунуштар айтыла бергени туура. Бул өңүттөн алганда, Равшан Жээнбеков лидер катары рейтингин көтөрүп, эрдигин ашкерелөөдө. Эрегиштин аягы эмне менен бүтөт болду экен? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер