“Пармаш” каарманыбыздын тажрыйбасын алууга мезгил келди

Убагында Бакыт Парманкулов ИИМ системасына эбегейсиз эмгек өтөп, оор кылмыштарга каршы күрөшүп, коопсуздукту, тартипти сактоодо кыйла үлгү көрсөткөн. Күчтүү адамдын артынан сөз ээрчийт тура. Орто жерден 2010-жылдагы төңкөрүш болуп кетип, айрым адамдардын жалаасы, каралоосу чектен чыкканы ырас. “Манты кулак” сыяктууларга Кудай берип... Бирок, турмуш чындыгы башкача чыкты, акыры “Пармаш” каймана атындагы каарманыбызды мезгил актап отурат. Мындай профессионал кадрды мамлекет убагында пайдаланып, тажрыйбасын алса жарашмак. Убагында Бакыт мырза ГУУРду башкарып турганда милициянын аброюн көтөрүп, коомчулук үчүн пайда келтирген. Шакирттеринин алды Нурбек Абдиев, Мамадали Шакиров, Канат Жумагазиев, Улан Султанов ж.б. ондогон полковниктер учурда иштеп жатышат. Ал эми устатты качан баалайбыз?
"Азия Ньюс" гезити