Коррупцияга айланып кеткен илим жаатын кантип тазалайбыз?
Өткөн жумада белгилүү коомдук ишмер Бөдөш Мамырованын академияда болгон корреспонтент-мүчөлөрдү, академиктерди шайлоо тууралуу пикирин жарыялаганбыз. Ал коомчулукта бир топ талкууларды жаратып, редакцияга кайрылгандар көп болду. Анткени, ал шайлоодо академиктер Мамбет Мамакеевдин, Асылбек Айдаралиевдин, Турар Койчиевдин балдар-кыздары корреспондент-мүчө болуп шайланышыптыр. Келип түшкөн маалыматтарга караганда, алар өз тармактары боюнча эмгеги сиңген деле адистер эмес экен, “көрүнүктүү изилдөөлөрү да жок” деп айтышууда. Алтургай “диссертацияларын башка бирөөлөр жазып берген” деген шыбыр кептерди кайда жашырабыз? Иши кылып, “ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт” дегендей эле болуптур. “Азаттыкка” берген маегинде экс-министр Талантбек Батыралиев “илимде биз СССРден калган, ураган эски, белгилүү бир аз гана чөйрөнүн кызыкчылыгын коргогон система менен жашап жатабыз... Биздеги диссертациялардын көпчүлүгүн илим деп деле атоого мүмкүн эмес” деп айтканы туура экен. Анан ошол жарабаган диссертациялары менен академик, корреспондент-мүчө болуп жаткандар бар тура. Себеби, илим бизнеске айланып кеткен. Диссертациялык кеңештер коррупциянын уюгуна байланып, алар акча алып, жарабаган диссертацияларды өткөрүп, кандидат, доктор дипломдорун фамилиясын ката жазгандарга да таратып жатканын ЖАКтын төрайымы Б.Тыналиева мойнуна алып, Т.Батыралиевге жооп бере албай койгону чындык. Жогорку аттестациялык комиссияны оңдош үчүн башка бирөөгө жаздырып, доктор болгон корреспондент-мүчө, академиктерден эмес, Батыштан илимий даража алып келген жаңы муундагы жаштарга илим тармагын жетектөөгө берүү туура болот.
"Азия Ньюс" гезити