Бекболот Талгарбеков: “Камчыбек иним жаш кезинде эле чыйрак болчу”
Соңку үч жыл бою ысымы эл оозунан түшпөгөн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 27-сентябрда 56 жашка чыгат. Бул мезгилде “Ташиев феномени” деген фактыны жараткан генерал жөнүндө анын устаты Бекболот Талгарбековго суроо узаттык.
-- Бекболот байке, Камчыбек шакиртиңиз менен качан, кандай жагдайда таанышкансыздар?
-- Мен 1997-жылы Жалал-Абад облусуна губернатор болуп дайындалгам. Барганымдан бир аз өткөндө Сузакта Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп калды. Ага он бештей талапкер катышты. Шайлоо жүрүшүнөн маалымат алып турдум. “Бир жаш жигит эл оозуна алына баштады” дегенди угуп, аны өзүмө чакырдым. Ал Сузактын Барпы айылынан Камчыбек деген ишкер экен. Анын сөзү, ой жүгүртүүсү, эмгек жолу мага жагып, өзүмө шакирт кылып алдым.
-- Кандай сапаттарын көрдүңүз?
-- Көпчүлүк жаш ишкерлер киреше таба баштаганда алгач жакшы машина минишет, анан там курушат эмеспи. Камчыбек болсо алгачкы эле кирешелерин элге жумшай баштаган. Жаш кезинде эле чыйрак болчу. Биринчи кезекте өзүн эмес, элди ойлочу. Мисалы, ал 1997-жылдан тарта 8-март майрам күнү көп балалуу энелерди чакырып, сый тамак уюштуруп, аларга белек-бечкек бере баштаптыр. Кийинки жылы ал иш-чарага мени да чакырды. Барып катышып, энелерге каалоо-тилектерди айтып келдим.
-- Кийин жардамчы кылып алдыңыз...
-- Ооба, 2002-жылы мен премьер-министр Николай Танаевдин аппарат жетекчиси – министр болуп дайындалдым. Жалал-Абадда иштеп жүргөн Камчыбек иниме телефон чалып, тезинен Бишкекке келиши керектигин айттым. Ал келери менен өзүмө жардамчы кызматына бекиттирдим. Ошентип, Камчыбек үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келди.
-- Сизге жардамчы болуп канча убакыт иштеди?
-- Тогуз ай. Анан премьер-министр жана Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов менен макулдашып, Камчыбекти Ленин районунун акиминин орун басарлыгына дайындадык. Анын ал кызматта жигердүү ишин көрүшкөн мэр жана аким эки ай өтпөй биринчи орун басарлыгына сунушташты. Ошентип, 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланганга чейин жемиштүү иштеди.
-- Шакиртиңизге кандай тарбия бере алдыңыз? Ал сиздин ишеничти актадыбы?
-- Ага дайыма “мамлекеттик кызматта талыкпай жана таза иштегин, элдин ырыскысына көз артпа” деп айтчумун. Камчыбек иним менин ишенимимди толук актады. Бүгүнкү күндө “Ташиев эмгек жолунда мамлекеттен бир сотка жер же бир киоск менчиктештирип алыптыр” деп эч ким айта албайт.
-- Соңку үч жылдагы ишмердигин кандай баалайсыз?
-- Өзүңүз белгилегендей, ал “Ташиев феноменин” жарата алды. Эгемендик жылдары Камчыбектей ийгиликтүү иштеген бир да УКМК төрагасы болбоду. Ал гана эмес, алгачкы президенттер (Аскар Акаев, Курманбек Бакиев) “коопсуздук кызматына жетекчини дайындаганда чоң ката кетириптирмин” деп бийликтен кеткенде өкүнгөндөрү бизге маалым. Камчыбектин күчү – тазалыгында жана мекенчилдигинде. Анын жетекчилиги алдында асманда жүрүп калышкан олигарх, коррупционер, кылмышкерлер жердин түбүнө түшүштү. Сансыз байлыктар элдин энчисине кайтарылып жатат. Мен, албетте, Камчыбек иним менен сыймыктанам. Ал учурда президент Садыр Жапаров менен бирге элдин колдоосуна ээ болуп турат.
-- Туулган күнүнө карата шакиртиңизге каалооңуз...
-- Кубанууга али эрте. Дагы жасай турган иштер алдыда. Камчыбек инимдин мындан аркы иш-аракетине ийгилик, өзүнө бекем ден соолук каалайм!