Алдыдагы шайлоо – эл аралык алкакта президентти сыноодон өткөрөт

Өткөн президенттердин катачылыктарынан Садыр Жапаров бийик туруп, үй-бүлөсүн парламенттик шайлоого катыштырбай турганы ырасталды. Ал эми бийликчилби, оппозициячылбы, кайсы багыттагы партия, же талапкер болбосун, баарына мыйзам бирдей каралары кабарланды. Шайлоо таза, калыс маанайда өтөрү, административдик ресурс колдонулбай турганы катуу тартипте көзөмөлдөнөт экен.
Эл баарын карап турат эмеспи. Аныгында, президент адилеттүүлүктү тутунуп, баардык саясый күчтөргө бирдей шарт түзүп берсе, элге кызмат кыла турган депутаттар өздөрү эле суурулуп чыгышат. Нааразы тараптар да кескин азаят. Эң башкысы, добуш сатып алуу “ит оорусуна” күч органдары дыкат көзөмөл салышы зарыл. Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде таза өтсө, эл аралык коомчулукка да жүзүбүз жарык болот. Бул демократиянын белгисин, мамлекет катары өсүп атканыбызды айгинелейт. Мындай саамалык Садыр Жапаровдун саясый рейтингине чоң өбөлгө түзөт.
А баса, “Акүйдөн бата алдык, биз бийликтин партиясыбыз, талапкерибиз...” дегендер жөн эле ооз көптүрүп аткандар экенин унутпашыбыз керек. Андайлар ар убакта боло келген. Алдашат, жеке кызыкчылыктар үчүн жүргөндөр го? Билебиз да...
"Азия Ньюс" гезити