“Мамлекеттин мойнуна түшкөн карызды азыркы бийлик төлөбөйт”
“Бүгүнкү күнгө чейин эл аралык донорлордон 338 миллион доллар келгени, анын 207 миллиону сарпталганы кабарланды. Эмне үчүн өкмөт бул каражаттардын кайда жумшалганы боюнча так маалыматын, отчетун бербейт? Жалпылаштырган жооп шек жаратууда... Пайдасы жок чиновниктердин айлыктарына кеткенби? Мындай олчойгон карызды элибиз эртең кантип төлөйт?” деп сурамжылоо кылып көрдүк.
Урмат Акунов, жарандык активист:
-- Бул боюнча бүгүнкү өкмөттү күнөөлөй албайм. Бирок, мурунку кеткен Абылгазиевдин финансылык, каржы отчетторунда, анын расходдорунда толук күнөөсү бар. Жана да пандемиянын алдын алалган жок. Ошол эле маалда сырттан келген ар бир каражатты өз багытына жумшай албады. Бул жерде парламенттин, андагы отурган депутаттардын да күнөөсү ат көтөргүс. Ушундай болуп аткандан кийин ар бир фракция тийешелүү булактарды көзөмөлгө алып, акыркы тыйынга чейин даректүү жеткириш керек эле. Булар аны да кыла алышкан жок. Бүгүнкү күндө ошол эле депутаттар оозу-мурду кыйшайбай туруп, шайлоодогу үгүт иштеринде беттерин табактай кылып алып, капкаяктагы жомокторду айтуу менен элди алдап атканы мени аябай өкүндүрүүдө. Эми буйрук-жазуу менен парламентке кайрадан келип калышса, алардан дагы кандай “жакшылыктарды” күтөбүз?..
Элдар Абакиров, экономикалык эксперт:
-- Мындан эки ай мурун отчет болгон. Ал отчетто бул акчанын 60-70 пайызы бюджеттин дефицитине, мамлекетте иштеген кызматкерлердин айлыгына берилгени айтылган. Муну мен жакшы кабыл алдым. Үч жолду сунуштайт элем: биринчиден, кредит алып бюджеттин дефицитин жапкандын ордуна, коррупция менен күрөшүп, көмүскө экономикадан акча алып чыгып, айлыктарга берсе болмок. Экинчиден, мамлекеттик эби жок чыгашаларды азайтыш керек болчу. Үчүнчүдөн, карызга алган акчаны ишкерлерди каржылоого жумшаса туура болмок. Мамлекеттин мойнуна түшкөн карызды азыркы бийлик төлөбөйт. Муну кийинки бийликтегилер, кийинки муун төлөйт. Ошон үчүн булар эң жөнөкөй жолун таап алышты. Кийинки муундун мойнуна жүк илип, өздөрү бүгүнкү абалдан оңой чыгып кетип атышат. Качандыр бир Маркиза де Помпадур падыша Людовикке (XV) “бизден кийин маадемектен топон суу каптасын” дегендей таасир калтырып атышат. Мындай көрүнүш эч качан жакшылыкка апкелбейт!
Кубан Чороев, экономист:
-- Биздин мамлекеттин бюджети баардыгы бир жылга чогулуп төлөнбөйт. Ал ай сайын салык жана бажы төлөмдөрү бюджетке түшүшүнүн негизинде киреше, чыгашалары менен эсептелген. Пандемия убагында негизги киреше төмөн түшүп кетти. Бюджеттин тартыштыгы пайда болду. Бизге донорлор берген акчаны Жогорку Кеңештин уруксаты жок эле пайдалануу үчүн колдонушту. Муну айласыздан жасалган иш деп айтсак болот. Мыйзам боюнча туура эмес иш болуп калды. Кийин Жогорку Кеңеш каникулдан келери менен бюджеттин мыйзамына кирбегенине карабай, ратификация кылып коюшту. Донорлор берген акча мамлекеттик кызматкерлерге айлык катары берилди. Бюджетти туура эсептеген болсо, жылдын аягында үзгүлтүккө учураган киреше калыбына келиши менен ал акчалар толукталышы керек. Бизнестегилер деле бүгүнкү күндө көбү банктарга карыз, аны төлөй албай жүрүшөт. Пандемия учурунда ошолорго деле жардам берсе болмок. Алар тийиштүү деңгээлде жардам ала алышкан жок. Анысына карабай, бизнестегилер салыгын үстөгү менен кошо төлөп атат. Анткени, банктар үстөгүн кечкен жок. Логикалык жактан акыйкатсыздык болуп калды. Алган акчаны кайтып берүүгө келгенде ошол эле салык төлөөчүлөрдүн мойнуна артылат. Бул акчалар “КОВИД-19 илдетине каршы күрөшүүгө” деп келген. Бюджеттик тартип болбогондуктан, саламаттык сактоо тармагы да каржыланбай калды. Биздин канчалаган жарандардын өмүрүн сактап калганга да мүмкүнчүлүк болбоду...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити