Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Антибиотиктерден күчтүү дарыны үйдө даярдаса болобу?

Антибиотиктерден күчтүү дарыны үйдө даярдаса болобу?

10-июль, 13:15
621 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз ооруган кезде «тез айыгуу» үчүн антибиотиктерди иче баштайбыз. Ал эми алардын ден соолугубузга тийгизген таасири тууралуу баардыгыбыз эле биле бербейбиз. Антибиотиктердин олуттуу тийгизген терс таасири:  

1. Аллергиялык реакциялардын пайда болуусу
Аллергиялык реакция терини кычыштырып, денеде кызарган тактар пайда болуусу ыктымал. Бул жөн гана кычышуу эмес, ал бара-бара арты коркунучтуу жагдайларга алып келүүсү мүмкүн.

2. Боордун иштөөсүнүн бузушу.
Боор оорулары менен ооруган адамдар дарыгердин кеңеши менен антибиотиктерди пайдаланылышы керек. Болбосо, боорго олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

3. Бөйрөктүн жетишсиздиги.
Түшүнүксүз антибиотикти колдонуу бөйрөккө терс таасир берет. Бул токсиндер органдын жетишсиздигине алып келет.

4. Диареяга алып келет.
Антибиотиктерди колдонууда пайдалуу бактерияларды өлтүрүп жана начар бактерияларды пайда кылат. Мунун аягы диареяга алып келет.

Мындай учурда ар дайым дарыгердин кеңеши менен колдонуңуз. Антибиотиктерсиз бул кыштан чыккысы келгендер эмне кылуулары керек?


Бул өтө жөнөкөй, себеби биздин дары-дармектерибиз өз тамак-ашыбызда. Эң башкысы, табигый азыктар антибиотиктерге караганда күчтүү.

Ал үчүн керектүү азыктар:

1/2 чыны табигый бал

10 тиш сарымсак

5 чай кашык алма уксусу 

Кандай даярдалат?

Сарымсакты тазалап алып, баардык ингредиенттерди блендерге салып, болжол менен 2 мүнөт аралаштырыңыз.

Атайы оозу жабык идишке салып табигый дарыны сактаңыз. Бул аралашманы 5 күн бою колдонуңуз.

Эртең менен ачкарын бир чай кашыктан жеп туруңуз. Сасык тумоо менен ооруган учурда колдонулуучу бул дарыны кан басымды төмөндөтүүгө таасир берет. Мунун натыйжасын 2 жума бою ар дайым колдонгондон кийин байкасаңыз болот.

 
Эскертүү: Бул табигый аралашма болсо да, колдонор алдында дарыгер менен кеңешиңиз. Себеби курамындагы азыктарга аллергиялык реакцияңыз болуусу мүмкүн.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер